Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

Бишкекте дагы бир тергөөчү пара алууга шек саналып кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) министрликтин ички иликтөө кызматынын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери биргеликте Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсүн кармаганын билдирди.

Ал пара алууга айыпталып жатат. Шектүүгө каршы 1-майда арыз түшүп, ал жабырлануучудан 35 миң сом алып жаткан жеринен колго түшкөнү кабарланды. Тергөөчүнүн адвокаты же жакындары комментарий бере элек.

30-апрелде эле ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсүн кармаган. Ага да Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси – “Опузалап пара алуу” менен кылмыш иши козголгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 29-апрелде эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын эки ыкчам кызматкерин кармаган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG