Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:03

«Хочу жить» Орусияга жалданган 170 түркмөнстандыктын аты-жөнүн аныктады


Орус армиясынын аскерлери Донбасстагы майданда. Иллюстрация
Орус армиясынын аскерлери Донбасстагы майданда. Иллюстрация

Украинанын мамлекеттик «Хочу жить» долбоору Украинага каршы согушуу үчүн Орусия менен контрактка кол койгон Түркмөнстандын 170 жаранынын аты-жөнүн аныктады. Тизмедеги 27 киши урушта каза тапканы такталды. Согушка жөнөгөн түркмөнстандыктардын эң кенжеси 20да, эң улуусу 61 жашта.

Буга чейин долбоор Борбор Азиянын калган өлкөлөрүнүн орус тарапта согушка жалданган жарандарынын ысымдарын жарыялаган.

Статистикалык маалыматка караганда, Казакстандын 661, Кыргызстандын 360, Тажикстандын 931 жана Өзбекстандын 1110 жараны майданга кеткен.

Бардыгы болуп кеминде 3232 борбор азиялык Украинада согушуп жүргөн орус армиясынын катарын толуктаган.

«Хочу жить» долбоорунун авторлору билдиргендей, аларды негизинен "көп акча аласыңар" деп алдап же коркутуп жалдашат.

«Кээ бирлерине кайсы бир ишкананы кайтарууну сунуш кылышат, башкаларына Орусиянын жарандыгын жана чоң акча убада кылышат, үчүнчүлөрүн камайбыз же депортация кылабыз деп коркутушат», - деп белгилейт долбоор.

Борбор Азиянын өлкөлөрү Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан бери бул маселеде бейтарап позицияда экенин көрсөтүүгө аракеттенип келатат. Алар Москванын агрессиясын ачык колдобогону менен ошол эле маалда кол салууну айыптабайт.


Шерине

XS
SM
MD
LG