Касым Сулаймановдун "Чөнтөк телефон" аңгемесинде турмушка даяр эмес эрке кыздын тагдыры тууралуу сөз болот.
Ушул айда Никколо Макиавеллинин айтылуу “Өкүмдары” кыргыз тилинде жарык көрдү. Италиялык ойчул, даанышман жана дипломаттын 500 жылдан ашуун мурда жазылган эмгеги дүйнөдө эң көп окулган китептердин бири.
Кыргыз Республикасынын “Эмгек баатыры”, “Эл артисти”, эл ырчысы Элмирбек Иманалиевдин көзү өткөнүнө бүгүн туура беш жыл болду. «Айтыш» фондунда көптөгөн жаш акындарды таптаган таланттуу акын 2020-жылы 42 жашында күтүүсүз каза болгон. Ал ага чейин кант диабетинен жабыркап, дарыланып жүргөн.
Эмгек сиңирген артист, таланттуу комузчу Анара Эсенгулова 62 жашында каза тапты. Сөөгү 12-апрелде Балыкчыга коюлду. Көзү тирүүсүндө ал Эл артисти наамын алууну самап, ниети ишке ашпаган. Жакындан билгендер ал оор кайгыдан улам чыгармачыл жигери басаңдап, таланты ташыркап калганын эскеришет.
Бишкекте тарыхый-маданий мурас саналган 400гө жакын объект бар.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында фолк-хистори тууралуу сөз кылабыз. Соңку мезгилде интернет булактарында тарых боюнча ар кандай талаш жараткан макалалар чыгып жүрөт. Ошол эле маалда тарыхый окуяларды бурмалаган эмгектер да жарык көргөн учурлар бар.
Кыргызстанда 90 жакын адамдын өмүрү кыйылган, бийлик алмашуу менен аяктаган Апрель окуяларына туура 15 жыл болду. Анын курмандыктарын эскерүү иш чаралары Бишкек жана Талас шаарында өтүп, анда президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдонду.
Молдо Кайыптын адабий мурасы тууралуу маалыматтардын чыга баштаганына көп деле убакыт өтө элек. Мындан эки жыл илгери жазгыч акындын «Казал-мурас» деген китеби чыгып, улуттук китепканада таанытымы өткөн.
Кыргызстанда машина куруучу алгачкы заводдун түптөлгөнүнүнө 100 жыл болду. Бул завод баштаган бир нече ишканаларды «Интергелпо» кооперативинин мүчөлөрү курган. 1925-жылы Пишпекке Чехословакиядан куруучулардын биринчи эшелону келген. Бул кооперативди "Интергельпо" деп аталган район гана эске салат.
Кыргызстанга мындан 100 жыл мурда Европадан “Интергелпо” кооператив уюму келген. Чех, словак, мажар, украин, русин ж.б. улуттардан куралган кооператив мүчөлөрү Кыргызстанда өнөр жай, курулуш тармагынын түптөлүшүнө чоң салым кошкон.
18-мартта Жогорку сот ырчы, активист Аскат Жетигендин адвокаттарынын кассациялык арызын кароо уланып, соттук коллегия Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Жетиген Чүйдөгү №27 абакта үч жылдык жаза мөөнөтүн өтөйт. Акындын адвокаттары, жакындары чечимди "туура эмес" деп баалашты.
Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов тууралуу “Акыркы кат” спектакли коюлду.
Дагы жүктөңүз