Ырды кайра чыгаруу АКШ каржылаган бир нече медианын, арасында “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун, "Америка добушу", "Эркин Азия" радиосунун, Куба үчүн Телерадиоберүүнүн (Radio Marti), Жакынкы Чыгыш телерадиоберүү түйүндөрүнүн (MBN) ишин токтотуу аракети уланып жаткан учурга туш келди.
Музыканттардын демилгеси “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун эркин прессага тыюу салынган же толугу менен калыптана элек өлкөлөрдө демократия куруудагы ролун эске салды.
“Музыка же эркин медиа болобу, цензура бардык жерде чындыкка коркунуч туудурат. Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүндө “Эркин Европа” радиосунун эр жүрөк журналисттерине салам айтам”, - деди топтун солисти жана негиздөөчүлөрүнүн бири Майкл Стайп.
Быйыл мартта АКШнын Глобалдык медиа боюнча агенттиги (USAGM) “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берилген грантты токтотконун жарыялаган. Бул чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругунан бир нече саат өтпөй кабыл алынган. Буйрукта жети өкмөттүк агенттикти, анын ичинде USAGMди да мүмкүн болушунча кыскартуу талап кылынган.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Кошмо Штаттардын Конгресси бөлгөн каражатты алуу үчүн агенттикке каршы сотко кайрылган. Радио өзүнүн доо арызында USAGM агенттигинин андай укугу жок экенин, анткени грант Конгресстин чечими менен берилерин жүйө келтирген. Ушу тапта соттогу укуктук кармаш уланууда.
USAGM көзөмөлдөгөн медиа каражаттары 50 чакты тилде аптасына 361 миллион кишиге маалымат таратат.
Январда экинчи президенттик мөөнөтүнө киришкенден бери мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу багытында аракет көрүп келаткан Трамп буга чейин редакциялык көз карандысыздык маселеси жана программалардын мазмуну боюнча агенттик менен тирешкен.
Инаугурациясынан кийин президент кайрадан ошол кооптонуусун кайталаган.
Бирок сөз болгон маалымат каражаттарынын тарапташтары эл аралык медиа АКШнын маанилүү дипломатиялык инструментине айланганын, добушун басууну алар сындаган авторитардык режимдер кубаттарын эскертишет.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Стив Капус: “Мен үчүн R.E.M. тобунун музыкасы ар дайым эркиндиктин майрамын: сөз эркиндигин, бизди алга жетелеген сөздөрдү жана иш-аракеттерге шыктандырган обондорду чагылдырып келген. “Эркин Европа” радиосунун журналисттеринин максаты да ушундай: элге маалымат жеткирүү, дем берүү жана көп учурда биздин аудитория жете албаган эркиндикти коргоо. Биз өзгөчө чындыктан чочулаган адамдарды эл алдында жооп бердирттиребиз. Алар каналдарыбызды жаап, сайттарыбызды бөгөттөп, атүгүл журналисттерибизди камап, көптөн бери биздин добушубузду басууга аракеттенип жүрөт”, - деп билдирди.
R.E.M. тобунун ырынын сөздөрүн дезинформация каптаган жерде так маалымат алуу кыялы деп чечмелесе болот. Каршылык көргөзүүнүн жана үмүттүн духун чагылдыруу үчүн обондун оптимисттик, жандуу ыргагы менен оор аккорддор алмашып турат.
“Эркин Европа” радиосунун журналисттери 75 жылдан бери диктаторлордун жинине тийип келди. "Туура душман" күтүү ишиңерди жакшы аткарып жатасыңар дегенге жатат”, - деди топтун дагы бир негиздөөчүлөрүнүн бири Майк Миллс.
Ушу тапта “Эркин Европа/Азаттык” радиосунда иштеген жана уюм менен кызматташкан төрт журналист – Игорь Лосик, Ника Новак, Владислав Есипенко жана Фарид Мехрализада кесибинен улам темир тор артында отурат.
R.E.M. “Эркин Европа радиосу” деген ырын чектелген нуска менен чыгарган саргылт пластинкалардан, аны менен кошо сатылган буюмдардан түшкөн каражат “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун пайдасына которуларын билдирди.
Шерине