Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Бишкектин Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалганын билдирди. Расмий маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси – “Опузалап пара алуу” менен кылмыш иши козголгон.

30-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүп, тергөөчүнү акча алып жаткан жеринен кармаган.

Ушул тапта тергөө амалдары уланууда. Шектүүнүн адвокаты же жакындары комментарий бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 29-апрелде эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын эки ыкчам кызматкерин кармаган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG