Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

“Диамеддин” үч гемодиализ борборунун лицензиясы убактылуу токтотулду


Гемодиализ процедурасын алып жаткан бейтап. Бишкек. Архив.
Гемодиализ процедурасын алып жаткан бейтап. Бишкек. Архив.

Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына нааразы болгондордун кайрылуусунан кийин “Диамед” жоопкерчилиги чектелген коомунун үч даректе гемодиализ кызматын көрсөткөн борборлорунун лицензиясы убактылуу токтотулганын билдирди.

Мекеме атайын комиссия лицензиялык талаптардын бузулганын аныктап, “Лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө” мыйзам боюнча “Диамеддин” лицензиясы 90 күнгө токтотулганын кошумчалады. Бул убакыт ичинде компания кемчиликтерди жоюшу керек.

Жыйынтыгында, “Диамеддин” Бишкек шаарынын Семетей көчөсү, 39, Чүй облусунун Александровка айылынын Шиваза көчөсү, 43 жана Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Турусбеков көчөсү, 37 дарегинде жайгашкан филиалдары убактылуу жабылды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бул медициналык борборлордо дарыланып жаткан бейтаптар башка жеке гемодиализ кызматтарын көрсөткөн мекемелерге которулганын кабарлады.

Бишкек шаарындагы филиалдан 74 бейтапка башка борборлордо дарыланууну улантуу мүмкүнчүлүгү боюнча маалымат берилген жана бейтаптар өз каалоосуна ылайык жайгаштырылган. Александровка айылындагы 46 адам башка мекемелерге жаткырылган. Балыкчы шаарындагы 29 бейтап аймактагы медициналык уюмдарга которулган.

Министрлик “Диамед” компаниясына Башкы прокуратура кылмыш ишин козгобогонун, лицензиясынын токтотулушу бул ишке тиешеси жок экенин кошумчалады. Буга чейин Жогорку Кеңеште депутат Балбак Түлөбаев башкы көзөмөл органы козгогон кылмыш ишинен улам Балыкчы шаарында гемодиализ борбору иштебей калганын айткан. “Диамед” акыркы окуя тууралуу комментарий бере элек.

Гемодиализ – бөйрөгү жакшы иштебей жаткандардын канын “жасалма бөйрөк” ыкмасы менен тазалоо. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG