Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:10

АКШ менен Украина сейрек минералдар боюнча келишимге кол коет


Сейрек кездешүүчү минералдар.
Сейрек кездешүүчү минералдар.

АКШ менен Украина 30-апрелде Вашингтондо көптөн күткөн минералдык ресурстар боюнча келишимге кол коюуга даярданып жатат. Бул тууралуу украин бийлигинин эки жогорку даражалуу өкүлүнө таянып Associated press агенттиги жазды. Маалыматты кийинчерээк Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмыгаль ырастап, Киев менен Вашингтон сейрек минералдар боюнча келишимдин акыркы деталдарын макулдашып жатканын айтты.

Маалыматка караганда, Украинанын экономика министри Юлия Свириденко учурда Вашингтондо келишимдин техникалык чоо-жайын тактап жатат.

Келишимдин расмий тексти украин өкмөтүнүн жыйынында жактырылгандан кийин, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлат. Андан кийин келишимди Украинанын Жогорку Радасы (парламенти) ратификациялашы керек.

Март айында АКШ сунуш кылган келишимдин долбооруна украин тарап каршы пикир билдирген. Адистердин айтымында, андан бери эки тарап ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, Украина өз сунуштарын киргизип, келишимге “жалпы сөздөр эмес, так деталдаштырылган шарттар” кошулган.

Келишимдин алгачкы версиясына февраль айында кол коюлмак. Бул үчүн украин президенти Владимир Зеленский атайын Вашингтонго барган. Бирок Ак үйдө эки президент кайым айтыша кетишип, макулдашууга кол коюлбай калган.

Трамп бул келишим АКШнын акыркы үч жылда Украинага берген жардамын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүн түзөрүн жана ал өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн айтып келген.

Шерине

XS
SM
MD
LG