Расмий Ташкент АКШда депортацияга кабылган өзбек жарандарын мекенине 30-апрелде атайын чартердик каттам менен алып келет. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Мекеменин басма сөз катчысы Ахрор Бурханов Telegram-каналында жазгандай, бул кадам чет өлкөдө оор абалга туш болгон жарандардын укуктарын камсыз кылуу максатында жасалды. Ал эл аралык нормаларга, милдеттенмелерге ылайык жүргүзүлүүдө.
Өзбекстанга кайтарыла турган жарандар Америкада визалык режимди бузуп же мыйзамдуу жүрүү мөөнөтүн өткөрүп жибергендер экени кабарланды.
Маалыматка караганда, атайын каттам Өзбекстан менен АКШнын консулдук жана миграциялык органдарынын тыгыз кызматташуусунда уюштурулуп жатат.
Буга чейин февраль айында Кошмо Штаттар Азия өлкөлөрүнөн барган 100дөн ашык мигрантты Панамага депортациялаган. Алардын арасында Өзбекстандын жарандары да бар экени кабарланган. Көп өтпөй Коста-Рикага АКШдан 200дөй мигрант депортация болгону, анын ичинде Казакстандын жана Өзбекстандын жарандары да бар экени айтылган.
Депортация Вашингтондун мыйзамсыз келгендерге убактылуу башкалка берип, кийин өлкөсүнө кайтара турган макулдашуусунун алкагында жүргөн.
Мыйзамсыз миграция менен күрөшүү АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо алдында берген убадаларынын бири. Трамп президенттикке келген биринчи күнү, 20-январда эле Мексика менен чек арада өзгөчө абал киргизген. Жүздөгөн мигранттар депортация болгон.
Шерине