30-апрелге караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын Днепр жана Харьков облустарына дрондор менен жапырт сокку урду.
Днепрде жер тамдар талкаланып, бир киши каза тапканы кабарланды.
Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов аймакка орус армиясы 16 дрон менен чабуул койгонун билдирди.
40тан ашуун киши ар кандай жараат алды. Көп кабаттуу үйлөр жана жер тамдар, медициналык мекемелер, жарандык инфраструктурага зыян келтирилгени белгилүү болду.
Орусия чабуулдар тууралуу комментарий бере элек.
Орус Коргоо министрлиги 30-апрелге оогон түнү өлкө аймагында 34 учкучсуз учак атып түшүрүлдү деген маалымат таратты.
"15и Курск, сегизи Брянск, жетөө Орлов, үчөө Владимир, бирөө Белгород облусунда атып түшүрүлдү", - деп жазылган маалыматта.
Орус тарап Курск облусунда дрон чабуулунда үч киши жараат алганын, имараттарга зыян келтирилип, өнөр жай ишканасында өрт чыкканын билдирди.
Шерине