Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:25

"Ырга катылган тагдыр, сүйүү жана бук". Зайырбек акынсыз беш жыл


Зайырбек Ажыматов
Зайырбек Ажыматов

Зайырбек Ажыматов... Мекенчил акын, камкор ата, чыныгы дос. Кең дүйнөнүн алакандай бурчунда 44 жыл гана жашаган инсанды тааныгандар ушундай баа беришет. Кыска өмүрүндө далай кыргызга дем берген ырларды жазып кеткен Зайырбек Ажыматов биздин эсибизде чыныгы Адам бойдон калды.

Зайырбек Ажыматов арабыздан кеткенине быйыл беш жыл болду. Акындын жүрөгү 2020-жылдын 29-апрелинде токтогон эле.

Коронавирус дүйнөнү дүрбөлөңгө салган ошол жылы кыргыз эли канчалаган мыкты уул-кызынан айрылды.

Карантин башталганда төкмө акын Элмирбек Иманалиев ооруканадан үзүлдү. Бул суук кабар чагылгандай тарап, далай адамды нес кылды.

Досунун келбес сапарга кеткенин уккан Зайырбек акын бүк түштү. Анын ошол күнү күйүп-бышып жазган ушул саптары дагы деле Фейсбук баракчасында илинип турат.

"Акын сүйүнүн жана ажалдын алдында гана алсыз экен. Аны башка эч нерсе жеңе алмак эмес. Мен сени өлтүргөнгө болбой турган тирүү ырларыңдай ордуңдан кайра тура калат деп ойлогом. Өлүм сени түбөлүккө көшүлттү. Бирок, ырларыңдан миңдеген Элмирбектер чырылдап учуп чыкты. Экинчи өмүрүң башталды... Сен чын дилиңден сүйдүң. Чын дилиңден ыр жаздың. Чын дилиңден ырдадың. Чын дилиңден обон создуң. Чын дилиңден жашадың. Жигитче жүрдүң. Нарктуу, салттуу жашадың. Чөөдөй эмес, дөөдөй жашадың. Элиң да сени чын дилинен сүйгөнүн көрсөттү. Кош, Эмке! Ыйманың саламат болсун!".

Зайырбек Ажыматов досу жерге берилген күнү Бешинчи каналдын "Ой бүгүн" берүүсүнө катышкан. Бул анын акыркы маеги болорун анда эч ким аңдаган эмес.

Акынды эфирге чакырган Каныкей Бозгунова кийинки жумада Зайырбек Ажыматов тууралуу берүү жасаганга аргасыз болгонун айтты:

"Элмирбек Иманалиев кайтыш болгон күнү эртеси чакырганбыз. Карантин болгондуктан Зайыр байкени айдоочу жиберип алдырдык. Аябай кайгырып жатканы өңүнөн, үнүнөн билинип турду. Эфир бүткөндө айдоочуну күтүп, бир сааттай отуруп калдык. Ооруп жүргөн экен. Ошондо "жүрөгүм жарылып кетчүдөй кыйналып жатам" деген эле. Дагы көп нерселерди айтып берген. Бейшемби, 22-апрелде Элмирбек Иманалиев тууралуу эфир чыкты. Бизге келгенден бир жумадан кийин кийинки бейшембиде Зайырбек Ажыматов өзү каза болуп калды. Ал күнү да акын тууралуу эфирди мен алып баргам".

"Жарты кайык" - тагдыр тууралуу эң күчтүү ыр

Он жылдай мурда Зайырбек Ажыматовдун "Жарты кайык" деген ыры хит болгон эле.

Акын жашоодо таянычы жок, жалгыз калган адам жөнүндө бул ырын апасына арнаганын айтып калчу.

Ырдын обонун Түмөнбай Колдошов жараткан. Ал акын менен 2011-жылы таанышканын, "Жарты кайык" экөөнүн сырдаш, дос болуп калышына себепчи болгонун белгиледи:

Түмөнбай Колдошов.
Түмөнбай Колдошов.

"Жашоодо кызык окуялар көп болот. Кээ бир адамдар менен өмүр бою иштейсиң, бирге жашайсың же бир тармакта жүрөсүң. Бирок аны тааныбай өтүшүң мүмкүн. Кимдир бирөө менен кеч таанышасың, бирок өмүр бою билгендей, бир кылым жашагандай өтө ынак жана жакын болуп чыга келесиң. Зайырбек Ажыматов менен 2011-жылы таанышкам. Агент деген болор эле ошол жерден жазышып, анан "Жарты кайыкты" жиберген. Менде да ошол кезде психологиялык чыңалуу, жан дүйнөмдө кризис болсо керек. Бул ыр биздин ага-ини катары сырдаш кылды деп айтсам болот. Андан кийин "Кош дебечи", "Мунарым", "Неге ыйладың" деген ырларына обон жараттым. Ал кишинин өзүнө, адамгерчилигине сыйым бийик".

Колдошов Зайырбек Ажыматовду чыныгы кыргыз, жөнөкөй инсан болгон деп эскерди.

Ал мекенчил акын тирүү болсо, акыркы жылдардагы Кыргызстан башынан кечирген оор окуяларды жүрөгүнөн өткөрүп, далай ырларды жазмак деген ойдо.

"Биз сыяктуу эмес эле. Болор-болбос нерсе болсо эле элге жарыялап, эл көзүндө, элдин сөзүндө бололу дейбиз да. Популизм менен жашап жатабыз. Зайырбек аке биздин карама-каршыбыз эле, эмнегедир коруна берчү. Бул эми анын убагында балалыктын бактылуу доорун сүрбөй калганынан улам болсо керек. Ошону кемтик дейбизби, өксүк дейбизби, айтор жашоосуна таасир этти. "Мен жакшы акын эмесмин, мен андай адам эмесмин" деп өзүн артка тарткан пессимист да болуп кетчү. Бирөөлөргө таарынып, бирок аны ичинде сактачу. Өлөргө жакын "айылга барып китеп жазам" деп айтып жүрдү. Бирок менимче ал киши айылга барып мал бага алмак эмес. Ал жазып көнгөн Акын эле да. Эгер азыр көзү тирүү болсо, Кыргызстан соңку жылдары баштан кечирген олку-солку окуяларга сөзсүз реакция кылмак. Мекенди жанындай көргөнү үчүн акындардын башында туруп өзүнө таандык мотив менен ыр жазып, элге дем бермек деп ойлойм".

Зайырбек Ажыматов кыргыз элине бир эсе акын, бир эсе журналист катары таанымал. Ал университетти бүткөндөн тарта Кыргызстандагы бир канча медиаларда эмгектенди.

Акын менен бир кезде "Асаба" гезитинде чогуу иштеген журналист Азамат Кыязов Ажыматовдун мыкты чыгарма жарата турган убагы оор жылдарга туура келди дейт.

"Зайырбекти теледе иштеп жүргөндө далай жолу маекке чакырдым. Келе албай жүрүп өтүп кетти. 2000-жылы экөөбүз "Асабада" чогуу иштеп калдык. Зайырбек анда жаш, акындык өнөрү күчтүү, китеби чыга элек кез болчу. Ата тегинен өткөнбү, сөзгө чебер эле. Бул эми тубаса жөндөм, диплом менен келбейт. Акындык тагдырды көтөрүп жашоо үчүн жүрөк, дээр, зээн керек. Зайырбек чыныгы акын болгондуктан турмуштун оош-кыйышына карабай жазды да. Биздин замандын өз ою, позициясы бар акыны деп тартынбай эле айтсам болот. Эгемендик алгандан кийин 15 жылдай эл, акын-жазуучулар, анын ичинде Зайырбек да кыйналды. Үй-бүлө багыш оор да. Менимче, Зайырбек толук кандуу акын болушу керек эле. Бирок ал жашоо-шарттын айынан көп убактысын журналистикага арнады. Бул кесиптин түйшүгү оор да. Кечке иштеп, үйүнө чарчап барат дегендей. Ырларынын көбү ара-чолодо, бошой калганда жазылды. Ошолор калды да артында".

Бир да сөзүң жоголбосун кыргызча...
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:34 0:00

Адабиятчы, сынчы Рысбек Эшматов акын Зайырбек Ажыматовдун ырларынан ичинен "Келечек штрихтери" жакшы чыккан деп эсептейт.

"Айтматов маңкурт тууралуу жазган эмеспи. Зайырбек ага катуу таасирленген окшойт. Технологияга байланган адамзат тууралуу ыры өтө күчтүү чыккан. Лирикалык ырлары дагы мыкты. Сезимин аябай төгүлүп жазат экен да. Мага ошол арзуу ырлары көбүрөөк жагат десем болот. Бирок кайсы жыйнагын караба жан дүйнөсү үшүп турганын, трагедиясын каткан ырлары бар. "Жүрөктөгү бороон" деген жыйнагынын аталышы эле көп нерседен кабар берет. Андагы ырларын окуп, бул дүйнөдөн эрте кетерин сезгенби деп ойлоп калдым. Пессимизмге сугарылган коштошуу ырлары арбын экен. Акын катары түпкү туюм менен тагдырын көрө билген окшойт. Ичиндеги буюккан бороондору, өзүн жалгыз сезгени, өксүгү кийин ырга айланыптыр. Алсак, "Жарты кайык" деген ыры. Бул метафора, бүтүн боло албаган тагдыр тууралуу эң күчтүү ыр десем болот".

"Келечек штрихтери"

Гаджеттерден шири кийип Адамзат,
Каяккадыр бара жатат карайлап.
Жаң-жуңдардын жаңы мууну,
Оо, бүгүн,
Жаратканга тең атадай жалаңдайт.

АдамФонддор башкарылган, башкарган,
Сүзүп өтөт оңдон, солдон, капталдан.
Кентаврдын каптап жаңы түрлөрү,
СмартАдам туш тарапта чакчайган.

Жашоо болсо жалаң эле жарыштай,
Жан чыркырайт чырт үзүлөр кайыштай.
Байлык жарыш, таасир жарыш, бак жарыш,
Жөн жашоо жок, кадимки адам карыптай.

Алсыздарды муунтушуп, басышат,
Күчтүүлөрдү пайдаланат, сатышат.
Кожоюндар согуш кылбай Жер шарын,
Адамдардан бошотушуп жатышат.

Бүгүн маңкурт мурункудан күчтөнгөн,
Бүт дүйнөгө жаасын мелжейт түптөлгөн.
Интеллекти, гени, дени кубаттуу,
Буйрук берет бейиш, космос - бүт жерден.

Мен таштанды, сен таштанды - өзөк өрт,
Мээбизди уулап, эзип, өгөшөт.
Бөлүп-жарып баарыбызды бир күнү,
Таштандыга ыргытууга жөнөшөт.

Балдар болот төрөлбөгөн атадан,
Жаралбаган, жаратпаган. Жасаган.
Биз акыркы кишилербиз, а мүмкүн,
Бул дүйнөдө адамдардай жашаган...

"Атамдын орду толбоду"

Зайырбек Ажыматовдун тун уулу Назым учурда Бириккен Араб Эмирликтеринде иштейт. Ал убагында атасынан "чынчыл анан жөнөкөй болгула" деген сөздү көп укканын, эми ошол принцип менен жашоого аракет кыларын айтты;

"Атамдын көзү өткөнүнө быйыл беш жыл болду. Атанын ордун эч ким баса албайт экен. Иним экөөбүзгө "чынчыл анан жөнөкөй болгула" деп көп айтчу эле. Азыр ошондой болгонго аракет кылып жатабыз. Кээде атамдын маектерин көрүп, жазгандарын окуп кыйын киши болгон экен деп ойлойм. Биз убагында бала болуп көп барктаган эмес экенбиз. Биз үчүн биринчи кезекте Ата болчу да. Мен чет өлкөдө болгондуктан Кыргызстанга көптөн бери бара элекмин. Апамдарга телефон чалып турам. Карындашым Карлыгач кичинесинде кыргызча, орусча ырларды жазып жүрдү, атамды тартат окшойт деп сүйүнүп калчубуз. Кийин сабагынан жетише албай калды көрүнөт, токтоп калды. Акындык тубаса өнөр турбайбы, кудай аны сүйгөн пендесине берет экен. Акын болбосо да, жакшы кесиптин ээси болсун, эң башкысы жакшы адам болсун деп тилейбиз. Мен азыр БАЭде иштеп жатам. Иним Мелис БГУда окуган, азыр ишкерлик кылат. Карындашым Айназик атамдын жолун жолдойм деп журналистика факультетине тапшырган. Быйыл окуусун аяктайт. Карлыгач 6-класста окуп жатат".

Зайырбек Ажыматов апасына сагыныч менен жашады. "Апама барып келсем" деп көп айтчу эле. Бирок эне уулунун көзү өткөнүн кеч укту.

"Атам каза болгондо чоң апабыз ооруп жаткан. Ага көпкө чейин айтпай жашырдык. Азыр эми билет. Аксыда, Уран, Улан деген агаларыбыздын колунда. Байланышып, абалын сурап турабыз", - дейт Назым.

Акындын апасына арнап жазган ыры

"Эреркөө"

Эх апаке, апакем ай, апам а-ай,
Эмгегиңе татыыр эмгек жасабай.
Тентип жүрөм жарык издеп, ыр издеп.
Тек гана бир жөн адамдай жашабай.

Тири шумдук кездер коштоп ыргагын,
Тирүүлүгүм азабым да жыргалым.
Баарын сизге айтып туруп апаке,
Шолоктоп бир келет анан ыйлагым.

Ыйламакмын кур намыска кыйылбай,
Ыйламакмын алкымыма муунбай.
Бирок ал ый болбойт апа тек гана,
Бала кезде ыйлап жүргөн ыйымдай.

Болот анда сагыныч да, бук дагы,
Болот анда сиз билбеген бүт баары.
Болот анда атакемдин капилет,
Бала бойдон бул өмүрдөн учканы.

Ал көз жашым боз тумандуу күндөрүм,
Ал көз жашым дос-туугандан күйгөнүм.
Агып турмак ар бир тамчы жаш менен,
Айтылбаган арман муңу дүйнөнүн.

Ошол ыйга көөдөн тиреп жашаган,
Жан сыздатпас сизден бөлөк жат адам.
Баардык бугум, баардык муңум арылмак,
Бала кездей сооротсоңуз, эх анан!

Зайырбек Ажыматов"Жалгыздык", "Мелмил", "Нөлү көп жылдар", "Жүрөктөгү бороон" аттуу ыр жыйнактардын автору. Көзү өткөндөн кийин үй-бүлөсү досторунун колдоосу менен "Датасы жок күндөр", "Доско кат" аттуу китептерин чыгарган. Өткөн жылы "Жүрөк жана аалам" аталышындагы китеби түрк тилинде жарык көргөн.

Маданияттын эмгек сиңирген ишмери, акын, журналист Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде кан басымы түшүп, ооруканада каза тапкан. Ал "Азаттыкта" баш-аягы он жылга жакын иштеди. Ушул жылдар аралыгында анын маданият темасында жазган, даярдаган материалдары кыргыз журналистикасынын казынасын байыткан табылга болуп калды десек болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG