Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:11

Газада аба соккулардан 30дай кишинин өмүрү кыйылды


Израил армиясынын соккусунан талкаланган үй. 26-апрель, 2025-жыл.
Израил армиясынын соккусунан талкаланган үй. 26-апрель, 2025-жыл.

Израил армиясынын 29-апрелде Газадагы аба соккуларынан кеминде 27 кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди. Израилдин аскердик жетекчилиги азырынча эч кандай комментарий бере элек. Адатта ЦАХАЛ карапайым жарандарга зыян келтирбөө үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтып, жай тургундары калкан катары колдонуп келет деп ХАМАСты (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) айыптайт.

Израил менен ХАМАС уюмунун ортосунда түзүлгөн ок атышууну токтотуу боюнча келишим бузулгандан бери Газа анклавына дээрлик күн сайын сокку урулуп келет. Андан тышкары аймактагы эки миллионго чукул адамга гуманитардык жардам, анын ичинде азык-түлүк, дары-дармек киргизилбей калды. Анын кесепети кош бойлуу аялдарга жана балдарга өзгөчө оор тийип жатат. 28-апрелде Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу Эл аралык сотто Израилдин гуманитардык жардам киргизүү милдеттенмесин аткарбай жатканына байланыштуу жараян башталды.

Израилдин билдирүүсүнө караганда, ок атуу токтотулган учурда жетиштүү жардам жеткирилген жана ХАМАС аны өз пайдасына колдонуп алган.

Согуш 2023-жылдын 7-октябрында хамасчылар Израилдин түштүгүнө кол салып, 1 200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган.

Барымтадагылардын көбү ок атышууну токтотуу келишимдеринин жана башка сүйлөшүүлөрдүн негизинде бошотулган. Бирок ХАМАС дагы эле 59 кишини туткунда кармап турат, алардын 24ү тирүү экени болжолдонууда.

Израилдин жооп иретинде баштаган аскердик чабуулдарынан 52 миңден ашык газалык каза болгонун анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагы бардык адамдар кайтарылмайынча жана ХАМАС толук талкаланып же куралдарын таштап, аймактан чыгып кетмейинче согушту уланта берерин айтты.

ХАМАС Израилден палестин туткундарын бошотууну, ок атышууну толук токтотуп, аскерлерин Газадан толук чыгарып кетүүсүн талап кылууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG