Рощина орус армиясынын Украинага басып киргенин чагылдырган. Ал 2023-жылы августта басып алынган Мариупол шаарына иш сапар менен барганда дайынсыз жоголгон.
Орусиянын Коргоо министрлиги 2024-жылы майда гана журналист өз аймагында кармалып турганын ырастаган. Ошол эле жылы октябрда ата-энесине кызы өлгөнү тууралуу кабар келген.
Орусиялык бийликтердин версиясында ал Таганрогдон Москвага жеткирүү маалында каза болгон. Таганрогдогу 2-СИЗОдо чогуу жаткан камералашынын айтымында, ал көргөн тушта ток менен кыйноо көргөн Рощина 30 килограммга арыктап, денесиндеги жарааттары бүтпөй карттанып кеткен.
Орусия Виктория Рощинанын сөөгүн Киевге 2025-жылы февралда өткөрүп берген. Журналисттер анын жасаты желим баштыкка оролуп, Винница шаарындагы мейитканага "НМ СПАС 757" (НМ – таанылбаган эркек, СПАС – жүрөк артериясынын жабыркашы)деген жазуу менен жеткирилгенин билишкен. Баштыкты ачканда анда "какчыйып тоңуп калган жана кахексия (көтөрүм болуу) болгон аялдын денесин" көрүшкөн. Маркумдун балтырындагы биркада "7390 Рощина В. В." деген жазуу болгон.
Украинанын Башкы прокуратурасынын өкүлү Юрий Белоусовдун айтымында, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында "денеде кыйноонун жана катаал мамиленин көптөгөн белгилери табылган - кабырга сынып, моюнга доо кетип, таманда ток менен ургандан пайда болушу мүмкүн деген тактар" аныкталган.
Андан тышкары Рощинанын ээги сынган, Орусия Украинага өткөрүп берген денеде айрым органдар - көз, мээ жана кекиртектин жарымы жок экенин журналисттин өлүмүн изилдөөгө катышкан булак кабарлады.
Атын атагысы келбеген соттук-медициналык эксперт айрым органдардын жок болушун орусиялык бийликтин муунтууну жаап-жашыруу аракети катары сыпаттады.
"Кекиртекти сойгон учурда алып салуу стандарттуу эмес тажрыйба. Коко муунтканды көрсөткөн айныгыс далил болушу мүмкүн. Адамды тумчуктуруп жатканда ээктин асты сынып кетет. Кыкынткан учурда көздүн чанагына кан куюлуп, мээге кычкылтек жетпей калат", - дейт ал.
Орусия кээде туткунга түшкөн украиналыктардын денесин ички органдары жок кайтарып беришет. Журналисттин дагы бир маектеши "бул зомбулуктун изин жашыруу максатында болушу мүмкүн" экенин айтты. Орусия органдарды алып салуу маркумдардын сөөктөрү боюнча протоколго ылайык жүрө турганын айтып келет.
Юрий Белоусов дененин абалына байланыштуу украин эксперттери Виктория Рощинанын өлүмүнө эмне себеп болгонун так аныктай албаганын айтты.
Өлүмдүн себеби Орусиянын Коргоо министрлигинин катында да көрсөтүлгөн эмес. Иликтөөчүлөр өлүм тууралуу ырастама же журналист эмнеден улам жан бергени жөнүндө башка документтер жок экенин айтышкан. Викториянын атасы Владимир Рощин орусиялык мекемелерге бир канча жолу кызына байланыштуу кат жазып, бирөөнө дагы жооп алган эмес.
"Настоящее время" даярдаган макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.
Шерине