Америка Кошмо Штаттарынын Каржы министрлиги АКШ менен Украина 30-апрелде минералдык ресурстар боюнча келишимге кол коюшканын жарыялады.
АКШнын каржы министри Скотт Бессент муну президент Дональд Трамптын талыкпаган аракети менен жетишилген тарыхый келишим десе, Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмыгаль Кайра куруу боюнча инвестициялык фонд 50/50% деген негизде түзүлүп жатканын жана “эки тарап тең добуш берүү укугуна ээ” деп билдирди. Ошондой эле Украина “жер казынасын, инфраструктурасын жана жаратылыш ресурстарын толук көзөмөлдөйт” деди.
Шмыгалдын маалыматы боюнча, келишимде Украина тараптан эч кандай карыздык милдеттенмелер каралган эмес. Андан тышкары келишим Украинанын Евробиримдикке кошулуусуна тоскоол болбойт.
Март айында АКШ сунуш кылган келишимдин долбооруна украин тарап каршы пикир билдирген. Келишимдин алгачкы версиясына февраль айында кол коюлмак. Бул үчүн Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтонго атайын барган. Бирок Ак үйдө эки президент кайым айтыша кетип, макулдашууга кол коюлбай калган.
Президент Трамп бул келишим АКШнын акыркы үч жылда Украинага берген жардамын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүн түзөрүн жана ал өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө болорун айтып келет. (BTo)
Шерине