Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы кымбаттады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 1-майдан баштап электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр жарыгынын наркы 1 сом 37 тыйынга чыкты. Ал эми 700 кВт сааттан ашкандан кийин мурда 2,39 сомдон эсептелсе, эми 2,60 сом болду.

Ал эми электр жарыгын өнөр жай үчүн колдонгондор буга чейин 1 кВт саат электр энергиясына 3 сом 18 тыйындан төлөсө, 1-майдан тарта 3 сом 49 тыйынга чыкты. Өлкөдө мындан ары инфляциянын көрсөткүчүнө жараша жыл сайын 1-майдан тарта электр жарыгынын баасы көтөрүлүп турат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү тууралуу токтомго кол коюп, ал 1-майда күчүнө кирди.

Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын январына карата Кыргызстанда 1 млн 585 миң абонент бар. Анын ичинде 1 млн 472 миң 837 катардагы абонент 7,79 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот. 6,47 млрд кВт саат электр энергиясын өнөр жай ишканалары пайдаланат.

Кыргызстан жыл сайын 17,5 млрд кВт саат электр энергиясын колдонот деп эсептелсе, анын 14,8 миллиарды гана өлкөдө өндүрүлөт. Калган айырманы импорттун эсебинен жабууга туура келет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG