Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

АКШ мыйзамсыз жүргөн кыргызстандык мигранттарды депортация кылды


АКШдан чыгарылган мигранттар. Коста-Рика. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШдан чыгарылган мигранттар. Коста-Рика. Иллюстрациялык сүрөт.

Америка Кошмо Штаттарынын Ички коопсуздук министрлиги (DHS) расмий Ташкенттин жардамы менен Өзбекстандан, Кыргызстандан жана Казакстандан АКШга мыйзамсыз барган 100дөн ашык мигрант Өзбекстанга депортация болгонун кабарлады.

Маалыматта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 131 мигрантты алып кетүүгө атайын чартердик каттам уюштурганы айтылат. Кыргызстандыктар менен казакстандыктар Өзбекстандан кайра өз өлкөлөрүнө жөнөтүлөт.

АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматынын маалыматы боюнча, 2024-жылы Кошмо Штаттардан 271 миң 484 мигрант депортацияланган. Алардын ичинде Өзбекстандын 572, Тажикстандын 77, Кыргызстандын 69, Казакстандын 23 жана Түркмөнстандын 5 жараны бар.

Февраль айында Кошмо Штаттар Азия өлкөлөрүнөн барган 100дөн ашык мигрантты Панамага депортациялаган. Алардын арасында Өзбекстандын жарандары бар экени кабарланган. Көп өтпөй Коста-Рикага АКШдан 200дөй мигрант депортация болуп, анын ичинде Казакстандын жана Өзбекстандын да жарандары бар экени айтылган.

Мыйзамсыз миграция менен күрөшүү АКШнын президенти Дональд Трамптын шайлоо алдында берген убадаларынын бири. Трамп президенттикке келген биринчи күнү, 20-январда эле Мексика менен чек арада өзгөчө абал киргизген. Жүздөгөн мигранттар депортация болгон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG