30-апрелде Бишкектин Свердлов райондук соту укук коргоочу Рита Карасартованын камактагы мөөнөтүн узартып, аны 12-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакта калтырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокаты Жаныш Бараков билдирди. Анын сөзүнө караганда, Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү соттон укук коргоочунун камактагы мөөнөтүн эки айга – 12-июлга чейин узартууну сурап, судья аны жарым-жартылай канаттандырды.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Рита Карасартованы 14-апрелде кармап кеткен.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) боюнча кылмыш иши козголгон. Рита Карасартова коюлган айыпты четке каккан.
Мунун алдында ал Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) жазган делген катты Фейсбуктагы баракчасына жарыялаганын жана кармалышын ушул катка байланыштырган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 19-апрелде Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган. Атайын кызмат ал конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген. (BTo)
Шерине