Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:43

Тилекмат Куреновдун иши: Сот аны 19-майга чейин камакта калтырды


Тилекмат Куреновду соттон алып кетип баратышат. 21-апрель, 2025-жыл. Бишкектин Биринчи май райондук соту
Тилекмат Куреновду соттон алып кетип баратышат. 21-апрель, 2025-жыл. Бишкектин Биринчи май райондук соту

Бишкектин Биринчи май райондук соту 21-апрелде БАЭден кармалып келген активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов)бөгөт чарасын карап, аны 19-майга чейин камакта калтырды. УКМК дээрлик 10 күндөн бери дайыны билинбей жаткан активист 19-апрелде Кыргызстанга жеткирилгенин ырастаган.

Соттун чечими, УКМКнын маалыматы

Кудайберген уулунун бөгөт чарасын Биринчи май райондук соту түшкө чейин жабык карады. Сотко алып кирип баратканда Куренов аны күтүп, ызы-чуу түшкөн жакындарына кайрылып, өктөм добуш менен "Ыйлабагыла! Апа, ыйлабаңыз!" деп айтты.

Сот көпкө күттүрбөй чечим чыгарып, ал 19-майга чейин камакта калды.

Анын адвокаты Айбек Турдуев билдиргендей, сот активистти буга чейин эле сыртынан камакка алуу боюнча чечим чыгарган.

Адвокат Куренов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кыйноого кабылганы тууралуу суроого жооп берди.

Активист менен чогуу “бул маселе боюнча эч кандай дооматыбыз жок” деген чечим кабыл алышканын кошумчалады.

“Бүгүн баш коргоо чарасынын мөөнөтүн аныктоо маселеси каралды. Буга чейин Тилекмат Кудайберген уулун сыртынан камакка алуу чечими чыккан. Бүгүн 19-майга чейин камакка алынсын деген чечим кабыл алынды. Бир айга камакка алынды. Кыйноого кабылды деген маалымат боюнча биз укуктук жыйынтык чыгардык. Бул маселе боюнча эч кандай дообуз жок. Маселе жабылды”, - деди Турдуев.

Куренов кармалганы белгилүү болгондон кийин иликтөөчү журналист Болот Темиров ал тергөө абагында катуу кыйноого кабылды деген маалымат алганын Фейсбукка жазган.

УКМК ал кандай жагдайда кармалып, Кыргызстанга алып келингенин тактаган жок.

Активисттин атасы Кудайберген Куренов баласы менен сүйлөшө албаганын айтты:

“Жанында атайын кызматтын балдар болгону үчүн балам менен кантип алынып келингени боюнча ачык сүйлөшө алган жокпуз. Биздин түшүнгөнүбүзгө караганда, мыйзамсыз, урдоо жолу менен алынып келинген деп атабыз. Бул божомол эле. Чындыгын билбей жатабыз. Кыйноого кабылганы боюнча деле так айта албай жатам. Кичине тактар бар экен. Балким мурда алганбы, же азыр алдыбы билбейбиз. Көрбөгөндөн кийин айта албайбыз. Бирок акыбалы жакшы, кайраттуу. Мурун кандай болсо ошондой. Карманып турат. Азыркы кезде ушундай тенденция болуп. Көбүнө ушундай айып коюлуп жатат”.

Атайын кызмат Кудайберген уулу конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелип жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун 19-апрелде кабарлаган.

“Тактап айтканда, К.у.Т. республиканын чегинен сырткары жүргөндө өзүнүн шериктери менен биргеликте социалдык тармактардагы көп сандаган аккаунттары аркылуу КРде бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу менен жапырт башаламандык уюштурууга чакырган чагымчыл постторду жана видео кайрылууларды байма-бай жарыялап турган”, - деп жазылган УКМКнын маалыматында.


21-апрель, 2025-жыл. Бишкек. Тилекмат Куреновду сотко алып келген учур
21-апрель, 2025-жыл. Бишкек. Тилекмат Куреновду сотко алып келген учур

Активист 10-апрелден бери дайынсыз болуп жатканын жакындары социалдык баракчаларга жазып келишти.

Жубайы Белек Бактыбекова жолдошу менен акыркы жолу 10-апрелде байланышканын "Азаттыкка" ырастады.

"10-апрелде бизде, Америкада жаңы таң атып жатканда, аларда, Дубайда кечки төрт жарым болчу. Мен кызымды бала бакчага алып бараткам. Ошондо чалышканбыз, ал (Тилекмат - ред.) мен мечиттемин, аср намазын окуп чыктым, азыр кирип шам менен куптанды окуп алып анан үйгө барам деген. Мен кызымды таштап, жумушта болдум. Үч сааттан кийин жазган СМС жетип, бирок ачып окуган жок. Бир сааттан кийинг чалсам интернети өчүк экен. Дароо эле чогуу жашаган балдарга чалып, Дубайдагы түз номуруна чалып берип койгулачы деп сурандым. Алар чалса да өчүк экен. Алар үйгө келген жок, эртең менен көргөнбүз деди".

Куреновдун жубайы эки баласы менен Америкада жашай турганын, күйөөсү жок болуп жатканы тууралуу Дубайдын полициясына онлайн арыз жазып, жооп ала электигин айткан.

Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров Фейсбуктагы баракчасына Кудайберген уулу башпаанек сураган киши катары БУУнун Качкындар агенттигинин коргоосунда болгонун жазды.

Үч кишини каматкан жагдай

14-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Тилекмат Кудайберген уулу менен байланышып, Кыргызстанда массалык баш аламандык уюштурууга шек саналган эки адам кармалганын билдирген.

Милициянын маалыматына ылайык, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана жарандык активисттер биригип, Чүй облусунда жана өлкөнүн башка аймактарында массалык баш аламандыктарды, нааразылык акцияларды өткөрүүгө даярдык көрүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Чүй милициясы шектүүлөрдүн бири менен Куреновдуку делген сүйлөшүүнүн аудио жазуусун жарыялаган.

Кармалгандардын адвокаттары менен жакындары комментарий берген эмес.

Ушул эле күнү куралчан жана беткапчан милиция кызматкерлери укук коргоочу Рита Карасартованын үйүндө тинтүү жүргүзгөндөн кийин кармап кетип, камалды. Ага чейин Карасартова Тилекмат Кудайберген уулуна таандык экени айтылган катты Фейсбук баракчасына жарыялаган. Бишкектин Свердлов райондук соту анын бөгөт чарасы боюнча чечимди 17-апрелге оогон түнү чыгарып, Рита Карасартова Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча айыптын негизинде 12-майга чейин камакта калды.

Укук коргоочу сотто бул айыптарды четке какты:

"Кыргызстанда мыйзам жок экен. Маңдайыбызга жазганын көрөбүз. Ушундай бир кооз иш токулду. Көрсө Куреновдун мага аманат катары тапшырган катын мен "бийликти басып алууга белги" катары жарыялапмын. Кат чыгары менен жети дубандын эли көтөрүлүп, бийликти басып алышмак экен. Анан Чүй облустук ички иштер башкармалыгы ушундай чоң ишти алдын алыптыр. Дүкөнчү бир кыз, жумушсуз бир бала анан мен үчөөбүз ушундай бир төңкөрүш уюштурмак экенбиз", - деди Карасартова темир тор артынан.

Судья Карасартованы кармоо учурунда “процедуралык бузуулар болгон, бирок анын кармалышы негиздүү” деген чечим чыгарды.

Рита Карасартова Фейсбукка жарыялаган катта негизинен Кудайберген уулунун үй-бүлөсүнө, аялына кайрылуусу жазылган.

"Эгер мени кармап кетсе же бир нерсе болсо бул кат чыгат", - деп жазылган анда.

Карасартова "Кудайберген уулу менен байланышы жок экенин, ал өзүнө укук коргоочу катары кайрылганын, анын аманатын аткарганын" белгилеген.

Башаламандыкка айыпталып кармалгандардын бири Кой-Таш ишинде айыпталуучу катары өтүп жаткан Фархат Баабиев экени белгилүү болгон, ал Кудайберген уулу жазган постту бөлүшкөнү үчүн камакка алынганын айткан.

Бийликтин саясатын колдогон журналист Мирлан Дүйшөнбаев Кудайберген уулу тергөөдө маалыматтарды бере турган болсо, анда дагы камоолор болушу мүмкүн экенин жоромолдоп жатат.

“Тилекмат Кудайберген уулу АКШда, Дубайда акчасы жок жашоо кыйын да. Бул кыйналбай эле жүрдү. Видеодон жашоосу жакшы экенин көрүп жаттык. Ушундан улам аны каржылап, колдоп жаткандар бар экенин жокко чыгарганга болбойт да. Андыктан дагы камоолор болушу мүмкүн. Эгер Кудайберген уулу фамилияларды ачык айтса, кандай колдоо кылганын, алар менен каржы жагынан кандайдыр бир жардам алганы тергөөдө тастыкталса, камоолор болушу толук мүмкүн. Бирок кээ бирлери күтүп жаткандай көп санда эмес, саналуу эле болушу мүмкүн. Анткени Куреновдун айткан-дегенине эле ишене берсе болбойт. Ал өзүнүн маанилүүлүгүн арттырыш үчүн көп учурда жалганды кошуп, апыртып жиберген болушу мүмкүн да”.

Тилекмат Кудайберген уулу ким?

Социалдык тармактарда Тилекмат Куренов деген ат менен белгилүү болгон Тилекмат Кудайберген уулу 39 жашта.

2020-жылдагы Октябрь окуяларына чейин президент Садыр Жапаровдун активдүү тарапташтарынын бири болгон. Дал ушул окуялардан кийин коомчулукка белгилүү боло баштаган. Кийин ал президентти жана бийликти катуу сындап келди.

“Садыр Жапаров камалгандан бери аны колдоп келдим. Октябрь айындагы элдик толкундоолордон кийин дагы тарапташтарынын бири болуп, бийлигин бекемдегиче колдоо көрсөттүм. Бирок Жапаровдун жанына буга чейинки президенттерди жолдон адаштырып жүргөн адамдардын топтолуп алышы көз карашымды өзгөрттү. Ошондо эле Садыр Жапаров буга чейинки убадаларын унута баштаган”, - деген Тилекмат Кудайберген уулу ошол кезде берген маектеринде.

Ал 2021-жылдары саясатчы Жеңиш Молдакматов менен бирге “Жетим-Тоону коргоо кыймылын" жетектеп, президент Садыр Жапаров демилгелеген конституциялык реформага каршы акцияларды уюштурганы маалым.

Тилекмат Кудайберген уулун Бишкектин Свердлов райондук соту 2021-жылы Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп таап, 1,5 жылга абакка кескен. Активист өзүнө коюлган айыптарды четке каккан, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы эркиндикке чыккан жана Кыргызстандан чыгып кеткен.

Буга чейин АКШда жүргөнүн айткан Куренов 2024-жылы ноябрь айында Бириккен Араб Эмирлигине барып, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев менен жолукканын кабарлаган. Андан кийин эле паспортун уурдатып жибергенин айтып, Жамгырчиевди күнөөлөгөн. Мурдагы депутат бул айтылгандарды четке каккан. Ушул окуядан бери ал Дубайда жашап жаткан.

Тилекмат Куреновдун аты буга чейин "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу дагы аталган. 2024-жылдын 9-январында социалдык тармактарга Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ал былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, сегиз күн белгисиз жерде кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын айткандарын четке каккан.

Бир күндөн кийин, 10-январда атайын кызмат Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын билдирген. Атайын кызмат ал тергөө абагында отурганда издөөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу менен телефондон сүйлөшүп, өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөшкөнүн кабарлаган. Андан тышкары ишкерге байланыштуу алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын кошумчалаган. Ар кайсы аймакта алардын ондогон тарапташтары аныкталып, суракка алынганын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG