Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) Бириккен Араб Эмирлигинен кармалып, 19-апрелде Кыргызстанга жеткирилгенин билдирди.
Атайын кызмат Кудайберген уулу конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелип жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун маалымдады.
“Тактап айтканда, К.у.Т. республиканын чегинен сырткары жүргөндө өзүнүн шериктери менен биргеликте социалдык тармактардагы көп сандаган аккаунттары аркылуу КРде бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу менен жапырт башаламандык уюштурууга чакырган чагымчыл постторду жана видео кайрылууларды байма-бай жарыялап турган”, - деп жазылган УКМКнын маалыматында.
Активист 10-апрелден бери дайынсыз болуп жатканын жакындары социалдык баракчаларга жазышкан.
Мындан көп өтпөй 14-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Тилекмат Кудайберген уулу менен байланышып, Кыргызстанда массалык баш аламандык уюштурууга шек саналган эки адам кармалганын билдирген.
Милициянын маалыматына ылайык, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана жарандык активисттер биригип, Чүй облусунда жана өлкөнүн башка аймактарында массалык баш аламандыктарды, нааразылык акцияларды өткөрүүгө даярдык көрүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Чүй милициясы шектүү менен Куреновдуку делген сүйлөшүүнүн аудио жазуусун жарыялаган.
Кармалган шектүүлөрдүн адвокаттары менен жакындары комментарий берген эмес.
14-апрелде укук коргоочу Рита Карасартова Тилекмат Кудайберген уулуна таандык экени айтылган катты Фейсбук баракчасына жарыялагандан кийин кармалып, камалган.
Тилекмат Кудайберген уулу 2022-жылдын октябрь айында Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындап келген. Буга чейин АКШда жүргөнүн айткан Куренов 2024-жылы ноябрь айында Бириккен Араб Эмирлигине барып, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев менен жолукканын кабарлаган. Андан кийин эле паспортун уурдатып жибергенин айтып, Жамгырчиевди күнөөлөгөн. Мурдагы депутат бул айтылгандарды четке каккан. Ушул окуядан бери ал Дубайда жашап жаткан.
Тилекмат Кудайберген уулун Бишкектин Свердлов райондук соту 2021-жылы Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп таап, 1,5 жылга абакка кескен. Активист өзүнө коюлган айыптарды четке каккан, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы эркиндикке чыккан жана Кыргызстандан чыгып кеткен. (TAb)
Шерине