АКШ Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтык келишиминин алкагында Орусиянын Крымды аннексиялаганын таануу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.
Bloomberg атын атагысы келбеген булагына таянып жазгандай, азырынча акыркы чечим кабыл алына элек.
Жолугушуулар тууралуу кабардар болгон дагы бир аткаминер бул маселеде комментарий берүүдөн баш тарткан.
Басылма АКШ администрациясынын мындай билдирүүсүнө көңүл бурат: “18-апрелде президент Дональд Трамп жана мамлекеттик катчы Марко Рубио келишимге жетүүнү каалап жатышканын, бирок сүйлөшүүлөр тез өтпөсө, бул аракеттерден баш тартышы мүмкүн экенин айтышты”.
Трамп Кремлге ок атышууну токтотуу боюнча жөнөтүлгөн сунушка жооп ушул аптанын аягына чейин берилиши керек деген шарт койгон. Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын басып алган аймактардагы көзөмөлүн таануу ыктымалдыгын четке какты.
The Bell басылмасы жазгандай, басып алынган аймактардагы көзөмөлдү таануу маселеси мурда да ар кандай түрдө талкууланып келген.
«Бул жерде сөз Крымды Орусиянын курамына расмий киргенин таануу жөнүндө болуп жатабы же, мисалы, Украинанын бул аймакты аскердик жол менен кайтарууга аракет кылбай турганын аныктап коюу жөнүндөбү - так айтуу кыйын. Мындай пункт 2022-жылдын жазында Стамбулда талкууланып, бирок кол коюлбай калган келишимде жазылган. Ал документте Украина Крымды кайтаруу үчүн 15 жыл ичинде куралдуу күчтөрдү колдонбойм деп милдеттенме алууга даяр болгон”, – деп жазат басылма.
Шерине