Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:38

УКМК Бишкек шаардык милициясынын эки кызматкерин кармады


Шектүүнү кармоо учуру.
Шектүүнү кармоо учуру.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери кармалганын кабарлады.

УКМК тергөөдө алар адамдарга өсүмдүк жана синтетикалык баңги заттарды сатып жүргөнү аныкталганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 29-апрелде дагы бир ири дозаны өткөрүп берүү учурунда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкери, милициянын капитаны Б.Д.М., милициянын лейтенанты Г.М.Б. кармалган. Алардын жашаган жеринде жана жумушунда тинтүү иштери жүргүзүлүп, баңги каражаттары табылган.

Шектүүлөрүн бири (Б.Д.М.) УКМКнын убактылуу кармоочу жайына, дагы бири (Г.М.Б.) Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул маалыматты ырастап, Бишкекте милиция кызматкерлерине байланышы бар адамдардын тобу синтетикалык баңги заттарды Телеграмм аркылуу сатып жатканы аныкталганын билдирди. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш иши козголгонун маалымдады.

Ички иштер министрлиги УКМК менен биргеликте укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен жасалган кылмыштарды жана укук бузууларды аныктоо, бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүнү улантып жатканы айтылат.

Бул окуя тууралуу кармалгандардын адвокаттары менен жакындары комментарий бере элек. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG