Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Уолтц АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси кызматынан кетти


Майкл Уолтц.
Майкл Уолтц.

АКШнын президенти Дональд Трамптын коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц жана анын орун басары Алекс Уонг кызматтан кетти. Fox News телеканалы бул Signal мессенжеринде АКШнын жогорку кызматтагы адамдары менен йемендик хусилерге сокку уруу маселесин талкуулаган чатка байланыштуу Демократтар партиясынын сыны күчөгөн учурда болгонун билдирди.

Дональд Трамп Майкл Уолтцту АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү кызматына сунуш кылды. Эми анын милдетин убактылуу мамлекеттик катчы Марко Рубио аткарып турат.

24-мартта The Atlantic басылмасынын редактору Жеффри Голдберг чиновниктер Йеменге соккуну талкуулап жаткан тайпалык чатка кошулуп калган. Голдбергдин айтымында, чатта вице-президент Жей Ди Вэнс, коргоо министри Пит Хегсет, Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарман Стив Уиткофф, мамлекеттик катчы Марко Рубио баштаган 18 адам болгон.

Маалымат чыгып кеткенден кийин Трамптын администрациясына Сенаттагы демократтардын алдында чатта аскердик план талкууланбаганын түшүндүрүүгө туура келген. Майкл Уолц Signal тайпасын түзүүгө жоопкерчилик алып, бирок ал жакка Голдбергди кошпогонун белгилеген.

The Atlantic америкалык F-18 кыргын салуучу учагы жана “Томагавк” ракеталары Йемендеги бутага карай учурулганы тууралуу жазышуулардын скриншотторун жарыялаган. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG