Шаирбек Бопонов Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Чүй облустук башкармалыгына жетекчи болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка ички иштер министри Улан Ниязбеков кол койду.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Шаирбек Бопоновду 2020-жылдын декабрь айында коррупцияга айыптап кармаган.
Кaktus.media порталы укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме берип, сот Шаирбек Бопоновду актоо өкүмүн чыгарып, кызматын калыбына келтиргенин жазды.
УКМК “Актилек” өткөрмө бекетиндеги коррупциялык схемага Шаирбек Бопоновдун тиешеси бар экенин, ал жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынан 500 сомдон 5 миң сомго чейин алып турганын билдирген. (BTo)
Шерине