Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Беларуста саясий туткун Юрий Зенкович абактан бошотулду


Юрий Зенкович. Беларус, 2024-жыл
Юрий Зенкович. Беларус, 2024-жыл

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио “Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп баштаган аракеттердин натыйжасында Беларус мыйзамсыз кармалган дагы бир америкалык жаранды бошотконун" Х социалдык тармагына жазды. CNN телеканалы кеп оппозициялык активист, кош жарандыгы бар Юрий Зенкович тууралуу жүргөнүн тактады.

Беларус соту аны “кутум иши” боюнча 11 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кескен. Ошол эле иш менен “Беларустун улуттук фронту” партиясынын лидери Григорий Кастусев жана саясат таануучу Александр Федута соттолгон.

Рак дартына кабылган Кастусев былтыр июлда ырайымга туш болуп бошотулган. Бир нече өнөкөт оорусу бар Федута темир тор артында калган.

Үчөө тең 2021-жылдын апрелинде кармалган. Зенковичти Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) өкүлдөрү кармап кетип, кийин Минскиге өткөрүп беришкен

Беларус бийлиги алар Александр Лукашенко жана уулдарына кол салуу, мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деп эсептейт.

Зенкович күнөөсүн моюнга алып, кутумдун уюштуруучусу болгонун четке каккан эмес. Саясатчы ошондой эле калган айыптуучулардан кечирим сураган. Ал 11 жылга, Федута менен Кастусев 10 жылдан эркинен ажыратылган.

Зенкович камакта отурган маалда ага “бийлик өкүлүнө акаарат келтирүү” боюнча кылмыш иши козголуп, дагы алты айга өкүм кылынган. Ал эми колониянын жетекчилигине “баш ийбөө” фактысы боюнча жагы эки жылга кесилген.

Укук коргоочулар Зенкович түрмөдө ырайымсыз мамилеге, түрдүү кемсинтүүгө кабыл болуп жатканын бир нече жолу кабарлашкан.


Шерине

XS
SM
MD
LG