Украинанын чукул кырдаалдар кызматы Кара деңиздеги Одесса портуна жапырт чабуул коюлганын, эки киши каза тапканын жана 15 чактысы жарадар болгонун Телеграмдагы постунда кабарлады.
Облус губернатору Олег Кипер көп кабаттуу имараттар, турак жайлар, супермаркет жана мектеп зыян тартканын, айрым жерлерде өрт тутанганын жазды.
Анын алдында Кипер дрон чабуулдары күтүлүп жатканын эскертип, элди коопсуз жайларда башкалкалоого үндөгөн.
Украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак Одессага урулган соккудан кийин “ок атууну толук токтотуу” аракеттерин күч алдырууга чакырды:
“Кошмо Штаттар жана Европа менен бирге биз ага жетишибиз керек. Путин өмүрүнүн аягына чейин адамдарды өлтүрүү ниетинен баш тартпайт, бирок дипломатия, күч жана экономикалык кысым менен Орусияны согушту токтоттурууга мажбурласа болот”.
Орус армиясынын бутасына Сумы, Киев, Харьков, Чернигов, Донецк, Днепропетровск жана Запорожье алынганы кабарланды.
Соңку чабуулдар АКШ менен Украина минералдык ресурстар тууралуу келишимге кол койгон күнгө туш келди. Президент Дональд Трамптын администрациясы маанилүү документти “Орусиянын толук масштабдуу басып кирүүсүнөн кийин Кошмо Штаттардын эли Украинанын коргонуусуна көрсөткөн олуттуу каржылык жана материалдык колдоону” таануу иретиндеги экономикалык өнөктөштүк деп атады.
АКШнын Финансы министри Скотт Бессент президент Трамптын талыкпас аракетинин аркасы менен эки тарап ортосунда Кайра куруу боюнча инвестициялык фонд түзүү тууралуу тарыхый келишимге кол коюлганын белгиледи:
"Бүгүнкү макулдашуу Орусиянын бийлигине президент Трамптын администрациясы тынчтык жараянына берилгенин ишарат кылат. Анын чордонунда узак мөөнөттүү перспективада эркин, суверендүү жана гүлдөгөн Украина болот. Бул ырайымсыз жана маанисиз согушка чекит коюу учуру келди".
Министрдин айтымында, өнөктөштүк Вашингтон менен Киевдин биргелешип иштөөсүнө жол ачып, Украинадагы инвестициялык климатты жакшыртууга жана өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүүгө салым кошмокчу.
Трамп сөз болгон келишимге кол коюунун кечеңдешине нааразылыгын билдирип келди. 29-апрелде Мамлекеттик департамент бул жараянда илгерилөө байкалбаса, Вашингтон сүйлөшүүлөрдөн чыгышы мүмкүн экенин эскерткен.
Украинанын вице-премьер-министри жана экономика министри Юлия Свириденко документтин “эки өлкөгө тең пайдасы тиерине” ишенерин билдирди.
"Украин өкмөтүнүн атынан Америка жана Украина ортосундагы Кайра куруу боюнча инвестициялык фонд түзүү тууралуу келишимге кол койдум. Кошмо Штаттар менен бирге биздин өлкөгө дүйнөнүн булуң-бурчунан инвестиция тартууга жол ачкан фонд негиздеп жатабыз".
Маалыматка караганда, фонд жаңы лицензиялардын эсебинен толуктанып турат.
Украина электрониканын бир топ түрүн чыгарууда колдонулган сейрек металлдарга, темир, уран, жаратылыш газына бай.
Келишимдин алгачкы версиясына февраль айында кол коюлмак. Бирок Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский Вашингтонго барганда Ак үйдөгү жолугушуу эки президенттин кайым айтышуусу менен аяктап, макулдашууга кол коюлбай калган.
Трамп бул келишим АКШнын акыркы үч жылда Украинага берген жардамын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүн түзөрүн жана ал өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө болорун айтып келди.
Орусия кошуна өлкөгө кол салган 2022-жылдан бери Вашингтон Украинанын эң ири аскердик доноруна айланган. Расмий Киев жаңы келишимдин аркасы менен АКШ Украинага колдоосун уланта берет деп үмүттөнөт.
Украин өкмөт башчысы Денис Шмыгалдын 30-апрелдеги маалыматы боюнча, келишимде Киев тараптан эч кандай карыздык милдеттенмелер каралган эмес. Андан тышкары документ Украинанын Евробиримдикке кошулуусуна тоскоол болбойт.
Шерине