Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

“Марал” радиосу ишин токтотконун ырастады


“Марал” радиосунун эн белгиси.
“Марал” радиосунун эн белгиси.

“Марал” радиосу башкаруу кеңешинин чечими менен радио ишин токтотконун ырастап, буга каржылык маселе негизги себептердин бири болгонун билдирди. Кыргызстандагы саналуу көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын бири “Марал” - радио, ТВ жана сайт болуп мултимедиалык медиа катары иштеп келаткан.

“Марал” радиосу медиабренддин түптөлүшүнө салым кошкондордун ар бирине ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле, радиобузда көптөгөн тажрыйбалуу журналисттер, режиссерлор, операторлор жана медиа адистери иштеп, өз эмгектери менен медиа тармагында жаңы стандарттарды орнотушту, - деп айтылат радионун кайрылуусунда.

“Марал ТВ” теле-радио берүү компаниясы 2010-жылдын 20-сентябрында юридикалык каттоодон өткөн. 2011-жылдын 11-декабрынан тарта компанияга караштуу “Марал” радиосу түзүлүп, 2012-жылдын январь айынан тартып уктурууларын баштаган жана 24 саат бою обого чыгып, угармандарга көңүл ачуучу программаларды да сунуштады.

Алгач Ош облусунда эфирге чыгып, кийинчерээк башка аймактарда, Чүй облусу, Бишкек шаарында да тарта баштаган. Ортодо “24 ТВ” деген аталыш менен телеканал катары эфирге чыгып, кийин ал “Марал ТВ” деп өзгөртүлгөн.

“Марал” жалаң кыргыз тилиндеги программа, уктуруулары аркылуу дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды ыкчам чагылдырып, талылуу маселелер боюнча түз эфирде талкууларды уюштуруп, коомдук-саясий темаларды берип турган.

Кыргызстандагы бир катар саясий окуяларды ар кандай платформаларды чагылдырды. Ушул тапта Ютубдагы баракчасында 430 миңге жакын катталуучусу бар. Фейсбуктагы баракчасына 107 миң, Инстаграмдагы баракчасына 260 миң адам катталган. maralfm.kg сайты азыр иштебей турат. Ютуб жана Фейсбуктагы баракчалары ушул жылдын январь айынан бери жаңылана элек. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG