Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:39

Запорожьеде Орусиянын соккусунан жараат алгандар 29га жетти


Запорожье шаар. Украина. 2-май, 2025-жыл
Запорожье шаар. Украина. 2-май, 2025-жыл

Орусиянын армиясы 1-майдын кечинде Украинанын Запорожье шаарына сокку уруп, жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча 29 киши жараат алды. Арасында 13 жаштагы бала да бар.

"Орусиялыктар шаардын жарандык инфраструктурасына сокку урду. Турак жайлар, университет жана инфраструктура объектиси зыян тартты", – деп жазды Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров Телеграмга.

2-майдагы маалыматка караганда, соккуда жараат алган 12 киши ооруканада жатат. Буга чейин украин тарап аткылоодо бир киши каза тапканын маалымдап, кийинчерээк куткаруучулар ал адамды уранды алдынан тирүү алып чыкканын тактады. Куткаруу иштери уланып жатканы маалымдалды.

Орусия тарап сокку тууралуу маалымат бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG