Германиянын Конституцияны коргоо боюнча федералдык бюросу «Германия үчүн альтернатива» партиясын (AfD) оңчул экстремисттик уюм деп тааныды. Мекеменин 2-майдагы маалыматына караганда, партия адамдын ар-намысын коргоо принцибин такай бузууда.
Буга чейин AfD “оңчул экстремизмге шектүү” катары каралып келген. Жаңы макам партия расмий түрдө конституцияга каршы келген уюм деп таанылганын билдирет. Der Spiegel басылмасы жазгандай, эми атайын кызмат партия мүчөлөрүнүн телефондорун тыңшоо өңдүү кеңири ыйгарымдарга ээ болмокчу.
Конституцияны коргоо федералдык бюросу AfD партиясынын идеологиясы улутту этностук топ түзөт деген түшүнүккө негизделет жана мигранттардын, өзгөчө мусулман келгиндер менен немистердин теңдигин четке кагат деп эсептейт.
Партиянын тең төрагалары Алис Файдель жана Тино Крупалла чечимдин артында саясий жүйө турганын, бул Германиядагы демократияга олуттуу сокку урарын билдиришти.
Жергиликтүү маалымат кражаттары партия апелляциялык арыз берет деп боолголошот.
Февралда бундестагга болгон кезексиз шайлоодо партия экинчи орунду ээлеп, мурда болуп көрбөгөн ийгиликке жетишкен. Бирок эң көп добуш топтогон "Христиан-демократиялык биримдиги" (CDU) жана "Христиан-социалдык биримдиги" (CSU) кирген консервативдүү күчтөр блогунун лидери, болочок канцлер Фридрих Мерц коалиция түзүүдө AfD менен кызматташпай турганын билдирген.
Шерине