Буга чейин алар “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылына тиешеси бар деп айыпталышкан.
Алматыда Оксана Шевчук, Гүлзипа Жаукерова, Жазира Демеуова жана Ануар Аширалиевдин сотуна 70тен ашык активист чогулду. Алар бул соттук териштирүүгө башынан бери жигердүү катышып келишкен. Анткени бул аялдар бийликке нааразы болуп, митингде сүйлөгөнү үчүн Казакстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган саясатчы Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылына байланышы бар деп айыпталып, камакка алынышкан эле.
Сотто прокурор аларды эки жылга эркинен ажыратууну суранган. Бирок судья Курулай Дарханованын өкүмү мындай болду:
- Соттолуучулар бир жылга эркинен ажыратылсын. Жаза мөөнөтү кармалган күндөн баштап эсептелсин. Алардын сотко чейинки тергөө, соттук териштирүү учурундагы өткөргөн күндөрү кошо саналат. Ошондо алардын үй камагындагы мөөнөтү беш айдан бир аз ашык болорун эсептеп чыктык.
Бул - алар түрмөгө камалбайт, бирок белгиленген мөөнөт ичинде бир катар укуктары чектелет дегенди билдирет. Мисалы, айыпталуучулардын ичинен 8 айлык наристеси бар Оксана Шевчуктан башкасынын баары 100 сааттык коомдук жумушка салынган. Бул аларга кошумча жаза катары берилди. Андан сырткары алардын коомдук иш менен алектенүүсүнө, социалдык тармактарга пикир жазуусуна да тыюу салынды.
Соттолуучулардын адвокаты Галым Нурпеисов буларды айтты.
- Биз дагы кеңешебиз. Мисалы, Жаукерова соттун өкүмүнө макул эместигин билдирди. Анткени анын өзгөчө баласы бар. Ошондуктан кошумча жазаны жокко чыгаруу тууралуу ойлонобуз.
Ал арада укук коргоочулар соттук териштирүүлөр учурунда соттолуучулардын жана алардын балдарынын бир катар укуктары тебеленгенин билдиришти. "Эркиндик" фондунун башчысы Галым Агалеуев буларды айтты.
- Бийлик энелерге бир катар репрессиялык чараларды колдонду. Бул туура эмес. Алардын күнөөсү далилденгенге чейин эле камап салышты. Бул - балдарга каршы кадам. Ошондуктан бул соттук кароого омбудсмен да катышып, өзүнүн пикирин билдирип, баасын бериши керек эле.
Соттолуучуларга жаза мөөнөтү берилгенине карабастан активист аялдардын тарапташтары бул соттук териштирүүнү жеңиш катары баалашты.
2019-жылдын май айында көп балалуу Оксана Шевчук, Гүлзипа Жаукерова, Жазира Демеуова жана Ануар Аширалиев митингге чыгып, өлкөдөгү абалга нааразы болушкан. Андан соң аларга Казакстанда экстремисттик деп табылып, тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылына тиешеси бар деген айып менен кылмыш иши козголгон. Укук коргоочулар буларды саясий куугунтуктун курмандыгы деп аташкан.