Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Индия Пакистанга сокку урабы?


Индиялык аскерлер Кашмирдин Сринагар шаарындагы эл көп жүргөн базарда күзөттө турушат. 29-апрель, 2025-жыл.
Индиялык аскерлер Кашмирдин Сринагар шаарындагы эл көп жүргөн базарда күзөттө турушат. 29-апрель, 2025-жыл.

Расмий Исламабад Индия жакынкы күндөрү Пакистандын аймагына сокку урууга даярданып жатканын билдирди. Эки коңшунун ортосундагы чыңалуу Индиянын Кашмир аймагында 22-апрелдеги кол салуудан 26 киши каза болгондон кийин курчуп кеткен. Улуттар Уюму, АКШ эки тарапты чыңалууну басаңдатууга чакырууда.

Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуу кайрадан күч алды. Пакистан бийлигинин жогорку даражалуу өкүлү Индия жакын арада Исламбадга каршы аскердик операция жүргүзүүгө даярданып жатканын“ишенимдүү чалгын маалыматтарына" таянып билдирди.

"Индия алдыдагы 24-36 саат ичинде Пакистанга каршы аскердик операция жүргүзүүнү көздөп жатканы тууралуу ишенимдүү чалгын маалыматы бар", - деди Пакистандын маалымат министри Аттаулла Тарaр түн ортосунда X социалдык тармагына жарыялаган видео кайрылуусунда.

Ал буга кандай далилдер негиз болгонун так айткан жок. Исламабаддын өкүлү Индиянын “аскердик авантюрасына” Пакистан “ишенимдүү жана чечкиндүү” түрдө каршы аракет көрөрүн эскертти.

"Эл аралык коомчулук чыңалуунун күчөшү жана анын кесепеттери үчүн толук жоопкерчилик Индиянын мойнунда болорун билиши керек",- деп кошумчалады Тарaр.

Пакистан - Индия тиреши: Эл аралык коомчулуктун кооптонуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

Индия бул билдирүүгө дароо реакция жасаган жок.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кайрылуусуна Индиянын Тышкы иштер жана Коргоо министрликтери жооп бере элек.

Бул билдирүүлөр Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү Пахалгам шаарчасына жакын жерде куралдуу козголоңчулар 26 адамды, негизинен туристтерди аёосуз өлтүргөн окуядан бир жума өткөн соң жасалды.

Бул кол салуу Индияда чоң нааразылык жаратып, өзөктүк куралга ээ Нью-Дели менен Исламабаддын ортосунда чоң тиреш пайда болду.

Чабуул үчүн Индия Исламабадды айыптап, кол салууга шектүү үч кишинин экөө пакистандык экенин билдирген. Пакистан бийлиги бул айыптоолорду кескин четке кагып, тергөө жүргүзүүгө даяр экенин жарыялаган.

Тирештин себептери

22-апрелдеги кандуу кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүн "Кашмир каршылык фронту" деп атаган, буга чейин анча таанылбаган топ жоопкерчилик алган. Индиянын расмий өкүлдөрү бул топту Бириккен Улуттар Уюму террордук уюм деп тааныган Пакистанда жайгашкан "Лашкар-е-Таиба" тобуна байланыштырып жатат.

Чабуулдан кийин Индия Пакистан менен суу келишимин токтотуп, дипломатиялык мамилелердин макамын төмөндөтүп, пакистандыктарды өлкөдөн чыгарды.

Исламабад бир күндөн кийин ушундай эле жооп чараларын кабыл алды.

Чабуул Индиянын башкаруусундагы Кашмир аймагында болду. Индия жана Пакистан бул аймактын кайсы бир бөлүктөрүн көзөмөлдөйт. Анткен менен эки тарап тең аны толугу менен өз карамагына алууну көздөйт. Бул аймактын айрым бөлүктөрү Кытайдын карамагында.

Индиялык аскер Сринагар шаарындагы көчөлөрдүн биринде күзөттө турат. 30-апрель, 2025-жыл.
Индиялык аскер Сринагар шаарындагы көчөлөрдүн биринде күзөттө турат. 30-апрель, 2025-жыл.

Индия менен Пакистан Кашмирди 1947-жылы субконтинентти Британия бөлгөндөн бери талашып келет. Буга чейин эки өлкө Кашмир үчүн үч жолу согушканы маалым.

Соңку 30 жылдан ашык убакыт ичинде эки өлкө ортосундагы тирештен улам он миңдеген адамдардын өмүрү кыйылды.

Индиядагы The Print журналынын редактору Правин Свами "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде, абал өзгөрүп жатканын айтты.

"Индия өзүнүн варианттарын баалап жатат. Моди (Индиянын премьер-министри Нарендра Моди) жебени көтөрүүгө даяр болушу мүмкүн. Бирок ал бир нерсеге баруудан мурда бардык варианттарды караштырат", - деди Свами.

БУУнун эскертүүсү

Бириккен Улуттар Уюму 29-апрелде эгер бул эки өлкө кагылышууга өтсө кесепеттери "коркунучтуу" болушу мүмкүн экенин эскертти.

"Чөлкөм да, дүйнө да Индия менен Пакистандын ортосундагы кагылышты көтөрө албайт. Анткени ал эки өлкө үчүн гана эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн да опурталдуу болот," – деди Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриштин өкүлү Стефан Дюжаррик.

Ал кошуна эки өлкөнүн тең өзөктүк куралы бар экенин эске салды.

Анын айтымында, Гутерриш Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жана Индиянын тышкы иштер министри Субраманям Жайшанкар менен ар бири менен өз алдынча телефон аркылуу сүйлөшкөн.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио эки өлкөнү "абалды курчутпоого" чакырды. Бул тууралуу мамдепартаменттин өкүлү Тэмми Брюс 29-апрелдеги маалымат жыйынында.

Анын 30-апрелдеги маалыматына караганда, Рубио Индия менен Пакистандын тышкы иштер министрлери менен “бүгүн же эртең” сүйлөшөрү күтүлүүдө.

Кашмирдин бир бөлүгүнө көзөмөл орнотууга аракет кылып жаткан Кытай соңку жылдары Пакистан менен жакшы алакада. Кытайдын тышкы иштер министри Ван И өткөн аптада Пакистандын тышкы иштер министри менен сүйлөшүп, Исламбад менен Нью-Дели ортосундагы кандай жаңжал болбосун "эки тараптын кызыкчылыктарына туура келбестигин" жана аймактын коопсуздугу үчүн тобокелчилик жаратарын айткан.


Шерине

XS
SM
MD
LG