Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Азербайжан улуттук ЖМКларга жасалган киберчабуулга Орусияны айыптады


Москва менен байланышы бар Cozy Bear тобу бир катар азербайжандык ЖМКларга киберчабуул жасоого катышы бар болуп чыкты. Бул тууралуу 2-майда Азербайжандын чет элдик интервенцияларга каршы туруу комиссиясынын өкүлү Рамид Намазов билдирди. Анын сөзүн АЗЕРТАДЖ азери мамлекеттик агенттиги мисал келтирди.

"Намазов чабуулдун саясий мотиви бар деп сыпаттап, аны февраль айында Бакудагы "Орус үйүнүн" жабылышына байланыштырган" деп билдирди Ара. Орусиялык хакерлер жапа тарткан сайттардын ичине киберчабуулга чейин 2-3 жыл мурда эле кирген делет анда.

Февралдын башында азери бийлиги "Орус үйүнүн" өкүлчүлүгү жабылганын билдирген. Бул азербайжандык жүргүнчү учагынын орусиялык абадан коргонуу күчтөрү тарабынан аткылоого кабылганына байланыштуу Баку менен Москванын алакасы муздаган маалда болгон.

Азери ЖМКларына киберчабуул 20-февралда эртең менен жасалган. Адегенде ал "Орус үйүн" тыңчылыкка айыптаган Baku TV телеканалынын серверлерине багытталып, андан кийин бир катар маалымат агенттиктерине жайылган.

Cozy Bear уюшкан тобунун хакерлерин бир катар өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана журналисттик иликтөөлөр Орусиянын тышкы чалгын кызматына байланыштырган. Топту буга чейин да бир катар өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарына жана инфратүзүмдөргө чабуулу үчүн айыпташкан. Москва адатта мындай айыптоолорго үн катпайт же четке кагат. Азербайжандын билдирүүсүн Орусия комментарийлеген жок.


Шерине

XS
SM
MD
LG