Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:54

Сөз эркиндигинде Кыргызстан артка кетти. "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун баяндамасы


Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын өкүлдөрү. Архив
Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын өкүлдөрү. Архив

“Чек арасыз кабарчылар” уюму дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдагы рейтингин жарыялады. Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн ичинен 144-орун илинди. Буга чейин Amnesty International Борбор Азияда ЖМК катуу кысымга кабылганын жарыялаган.

"Кыргызстан 24 баскычка артка кетти"

“Чек арасыз кабарчылар” (RSF) эл аралык уюму дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдагы рейтинги 3-май - дүйнөлүк сөз эркиндиги күнүн утурлай жарыяланды. Ага ылайык, Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн ичинен 144-орунга жазылды.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан 141, Өзбекстан 148, Тажикстан 153 жана Түркмөнстан 174-тизмеге илинди. Басма сөз эркин деген өлкөлөрдүн сап башында Норвегия, Эстония жана Нидерланд турат.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму АКШ каржылык колдоону токтотуп, Орусиянын пропагандасы күчөгөндөн кийин Европадагы жана Борбор Азиядагы эркин медиалар экономикалык кризиске кабылганын жазды.

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жана Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (United States Agency for International Development - USAID) бюджетин азайткандан кийин авторитардык режим башкарган, коррупция гүлдөгөн өлкөлөрдө абал начарлаганын кошумчалады.

Апрелдин аягында Amnesty International уюму жаңы баяндама жарыялап, Кыргызстанда жарандык коомго, көз карандысыз маалымат каражаттарына жана укук коргоочуларга кысым күчөгөнүн билдирген.

Эл аралык уюм 2024-жылдын тогуз айынын ичинде эле прокуратура журналисттерге, жарандык активисттерге жана блогерлерге каршы 71ден ашык кылмыш ишин козгогонун, көп учурда "улут аралык кастыкты козутуу", "массалык башаламандыкка чакыруу", "конституциялык түзүлүшкө шек келтирүү" беренелери колдонулганын жарыялаган. Бирок укук коргоочулар бул иштердин көбү бийликти, коррупцияны, укук бузууларды жана социалдык адилетсиздикти сындаган материалдар менен байланыштуу болгонун белгилешкен.

Уюм Темиров Live жана "Айт, айт десе долбоорлорунун кызматкерлерине каршы козголгон кылмыш иштерине да көңүл бурган.

Сот жыйынтыгында бул долбоорлордун директору Махабат Тажибек кызы жана кызматкери Азамат Ишенбеков беш жана алты жылга эркинен ажыратылды. (Ишенбековго жакында эле президент ырайым берип абактан чыккан).

Канышай Мамыркулова

30-апрелде Бишкектин Октябрь райондук соту 49 жаштагыи эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы камакта калтырды.

Жакында эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы журналистке козголгон кылмыш ишин тергеп бүтүп, райондук сотко өткөрүп берген.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Свердлов райондук соту аны 19-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алып, 9-апрелде Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган болчу.

Шаардык милиция ага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айып койгон.

21-мартта өлкөдөгү укук коргоочулар, активисттер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдошкон. Кайрылууда журналистти камакта кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келери айтылган. Анын саламаттыгы абдан кооптуу абалда экени да белгиленген.

Норвегиялык Хельсинки комитети менен Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) кыргыз бийлигин Канышай Мамыркулованы бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырган.

Бийлик Мамыркуловага байланышкан кайрылууларга жооп бере элек жана Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин билдирип, өлкөдөгү мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип келет.

ЖМКга багытталган мыйзам долбоорлору

Бирок медиакоомчулук журналисттердин ишин чектей турган бир катар мыйзам долбоорлоруна тынчсыздануу билдирип жүрөт.

Маселен, Жогорку Кеңеш 9-апрелдеги жыйынында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берди.

Жыйында жалпыга маалымдоо каражаттарын милдеттүү каттоо боюнча маселе кайра козголду. Баяндама жасаган маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев медиа коомчулуктун талабы менен ЖМКларды каттоо ыктыярдуу болуп калганын түшүндүрдү.

Ошентип жаңы долбоордо жалпыга маалымдоо каражаттарына каттоодон өтүү ыктыярдуу болуп, катталгандарга жеңилдиктер каралып жатат. Мисалы, катталган мекеме мамлекеттик органдарга кайрылганда аларга үч күндүн ичинде жооп бериши керек. Ал эми каттоодон өтпөгөндөргө 14 күндүк мөөнөт калууда.

Долбоор жумушчу топто каралып жатканда ЖМКлардын каттоодон өтүүсү милдеттүү болгондо мамлекеттик мекемелер айрым редакцияларга кысым көрсөтүп, аларды каттоодон өткөрбөй коюу коркунучу бар экенин белгилешкен.

"Блогерлер үчүн да мыйзам жазылат"

Депутаттар блогерлердин ишмердиги боюнча да суроолорду берип, бул багыт да өнүгүп, миңдеген катталуучулары бар адамдардын ишмердигин көзөмөлдөө маселеси коюлду.

"Бизде телефон көтөргөн ар бир үчүнчү киши блогерлик менен алектенип калды. Учурда блогерлердин коомдогу таасири артып жатат. Ошол себептүү бул мыйзамга аларды да камтуу зарыл эле. Бизге мындай мыйзам керек", - деди депутат Аида Исатбек кызы.

Министрдин орун басары бул жаатта өзүнчө мыйзам долбоору катары бир канча вариант каралып жатканын маалымдады.

Депутат Дастан Бекешев сөз эркиндиги боюнча маселе учурда өлкөдө кыйын кырдаалда турганына токтолуп, бул мыйзам журналисттердин ишин колдоп же аларга пайда алып келбей турганын айтууда:

“Канышай Мамыркулова жана башкалар түрмөдө отурат. Бир эле эксперт корутунду мыйзам бузуу болду деп жазып коюп, анын негизинде сот камакка отургузат же айып салат. Бул мыйзам кереги деле жок. Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам жокко чыгарсак да бул журналисттерге пайда дагы, зыян дагы бербейт. Жаңы редакциясын кабыл алганда да жардам бербейт”.

Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоорунун биринчи редакциясына медиа коомчулук караманча каршы чыгып, анда редакциялардын ишмердигин чектей турган кооптуу беренелер бар экенин айтып чыккан. 2024-жылы 13-мартта президент Садыр Жапаров журналисттер менен жолуккандан кийин мыйзам долбоорун артка чакыртып, документти жеткире иштеп чыгуу үчүн медиа коомчулуктун өкүлдөрү менен чогуу жумушчу топ түзүүнү тапшырган.

Ошентип долбоордун азыркы редакциясы компромисстик чечим деп мүнөздөлүп жатат.

Буга чейинки мыйзам долбоорунда ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, бул жолку вариантта Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталууда.

Бул долбоор боюнча коомдук угуу да өтүп, анда седиа эксперт, "Говори ТВ" телеканалынын негиздөөчүсү Кайыргүл Урумканова Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин чектөөгө аракеттенген мыйзам долбоорлору үстү-үстүнө кабыл алынып жатканын билдирген.

"Мыйзам долбоорун биз президент Садыр Жапаровдун сунушу менен чогуу, кайра отуруп иштеп, орток вариантын жаздык. Бирок биз бир эле мыйзам долбоорунун үстүндө иштедик. Бул аралыкта жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) ишин чектөөгө аракет кылган бир нече мыйзам кабыл алынып кетти. Мисалы, "Жалган жалаа тууралуу биринчи", "Жалган жалаа тууралуу экинчи" мыйзамдар десек болот. Ошондой эле "чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам да биздин ишибизге кыйла тоскоолдук кылып жатат. Чектөөлөр аябай көп болууда, - деди Кайыргүл Урумканова.


Буга чейин да интернеттеги билдирүүлөргө тиешелүү бир катар мыйзам кабыл алынган. 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам ишке кирип, анда эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт фейк маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал соттун чечимисиз эле бөгөттөлүп коюлары жазылган. Айрымдар бул норма фейктерге каршы эмес, эркин медиага каршы иштеп жатканын айтып келет.

Быйыл жыл башында да интернеттеги билдирүүлөр боюнча жоопкерчиликти күчөткөн дагы бир мыйзам ишке кирген. Анда кайсы бир адамды “мазактоого, кадыр-баркын кемсинтүүгө” же “жалаа жабууга, ал жөнүндө жалган маалыматтарды билип туруп таратууга” тыюу салынып, ага айыппул каралган.

Расмий маалымат боюнча, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн.


Шерине

XS
SM
MD
LG