Германиянын борбору Берлин шаарында "Ала-Тоо – тоолор симфониясы" маданий кечеси өттү. Иш-чараны 29-апрелде Кыргызстандын элчилиги Германиядагы диаспора, немис өнөктөштөр жана бизнес өкүлдөрү менен биргеликте уюштурду.
Кече Кыргызстандын тоолорду коргоо, өнүктүрүү боюнча эл аралык демилгесин ишке ашыруу, маданият аркылуу түшүнүшүү, байланыш түзүү жана улуттук өзгөчөлүктөрдү дүйнөгө таанытуу, уникалдуу экосистемалар, жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн жоопкерчиликти эстетүү максатында өткөрүлдү.
Кыргыздын элдик жана автордук музыкасы менен катар бул маданий кечеде европалык белгилүү симфониялык чыгармалар да жаңырып, Кыргызстандан барган артисттер өз өнөрүн көрсөтүштү. Кыргызстандык дизайнерлердин колунан жаралган улуттук жана заманбап кийимдердин коллекциясы көрсөтүлдү.
Кечеге Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев катышты. Иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө Германиядагы кыргыз диаспорасынын активдүү өкүлдөрүнүн бири Кундуз Качиева көмөктөштү.
Кыргызстандын аймагынын төрттөн үч бөлүгүн тоолор ээлейт.
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) 2022-жылды кыргыз президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен "Тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы" деп жарыялаган. Негизги максат тоолорду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн коомчулукка жеткирүү жана тоо экосистемасын сактоо экени белгиленген. 2002-жылы Бишкекте биринчи тоо саммити өткөн. (RK)
Шерине