Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Индия менен Пакистан бири-бирине сокку урду. Эки тарапта тең курмандыктар бар


Пакистандын Пенжаб провинциясында Индиянын ракеталык чабуулу болгон жерге жакын жердеги "Тез жардам". 7-май, 2025-жыл
Пакистандын Пенжаб провинциясында Индиянын ракеталык чабуулу болгон жерге жакын жердеги "Тез жардам". 7-май, 2025-жыл

Пакистан 7-майда эртең менен Индиянын ракета чабуулунан 26 киши каза таап, 46 адам жараат алганын билдирип, соккуну "согуштук аракет" деп атады. Дели "Синдур" деп аталган аскердик операциянын алкагында Кашмирдин Пакистанга караган аймактарына чабуул жасалып, тогуз жай бутага алынганын маалымдады.

Индия-Пакистан тиреши курчуду

7-майга караган түнү Индия Кашмирдин Пакистанга караган аймактарына ракета жана артиллериялык чабуулун баштап, "Синдур" деп аталган кампаниясынын алкагында тогуз жайды бутага алганын маалымдаган.

"Индиянын куралдуу күчтөрү террордук лагерлерге сокку урду. Пакистандын бир дагы аскердик объектиси жабыркаган жок", - деп белгиледи расмий Дели.

Пакистан алгач Индиянын ракеталык соккусунан сегиз киши каза болгонун маалымдап, кол салууну “ачык согуш актысы” деп атаган. Кийинчерээк курмандыктар 26га жеткенин, анын ичинде бир бала экенин, 46 киши жараат алганын билдирди.

Исламабад Индияга жооп кайтарууну убада кылган.

Дели Пакистандын армиясы Кашмирде Индия тарапты аткылаганын, анын натыйжасында жети киши өлүп, 30у жараат алганын маалымдады.

Индиянын чабуулу

Индия өзү баштаган ракеталык чабуулдар жоочулар менен байланышы бар буталарга жасалганын айтканы менен Пакистан муну четке каккан.

Пакистандын коргоо министри Хавижа Мухаммад Асиф соккуга кабылган жайлардын баары - аскердик эмес объектилер экенин, расмий Исламабад Индияга татыктуу жооп кайтарарын убада кылды.

Ага удаа эле пакистандык маалымат каражаттары Сринагар шаарындагы индиялык аскердик базага чабуул коюлганын кабарлашты.

Кашмир чөлкөмүнүн Пакистанга караштуу айрым райондорунда жарылуу болуп, жергиликтүү эл электрсиз калганы маалымдалды.

Чабуул Дели Исламабадды Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндө туристтерге кол салган согушкерлерди колдойт деп айыптагандан эки жума өткөндөн кийин болду.

Ал кол салууда 26 киши каза тапкан. Пакистандын бийлиги Индиянын айыптоосун четке каккан.

Пакистандын армиясы сокку калктуу райондорго урулганын, Индиянын учактары өзүнүн аба мейкиндигинен учурулганын билдирди.

Исламабаддын 7-майдын таңындагы маалыматына караганда, соккулардан сегиз киши өлгөнү такталды, 35и жараат алды, эки киши дайынсыз. Пакистан армиясынын маалымат катчысы Ахмед Шариф буга чейин Би-би-сиге өлгөндөрдүн экөө балдар экенин билдирген. Ал соккулардын бири мечитке тийгенин айткан.

Пакистандын премьер-министри Миан Мухаммад Шахбаз Шариф да Индияга жооп кайтарууну убада кылган билдирүү жасады:

«Ниети бузук душман Пакистандагы беш жерге сокку урду. Пакистан буга жооп кайтарат, ал жооп азыр кайтарылып жатат», — деди премьер-министр.

Кийинчерээк Пакистандын армиясы Индия ар кандай курал менен алты жайга 24 жолу сокку урду деген кабар таратты. Армиянын өкүлү Исламабад «өзүнө ыңгайлуу убакытта жана ыңгайлуу жерде жооп кайтарат» деп айтты.

«Биздин аба күчтөрүнүн бардык тик учактары абага көтөрүлдү. Бул уят жана коркоктук менен кол салуу болду», - деди ал.

Индия болсо Пакистандын армиясы Кашмирдин экиге бөлүнгөн жеринде артиллерия менен аткылаганын билдирип жатат.

Шаршембиге караган түнү Пакистан армиясынын маалымат катчысы өз өлкөсү Индиянын беш согуштук учагын, анын ичинде француз өндүрүшүнөн чыккан Rafale тик учагын, эки советтик-орусиялык Су-30МКИ, МиГ-29 учактарын атып түшүргөнүн билдирди.

Индия тарап азырынча муну тастыктап же четке кага элек. Пакистан армиясы мындан тышкары Индиянын бригадаларынын биринин штабын жок кылганын жар салды.

Дели Кашмирдеги эки бөлүнгөн аймактагы райондордо бардык окуу жайларын жапты. Пакистан да ал аймактарда жана баш калаа Исламабадда (бул жерге жакын жайгашкан) жана башка чектеш райондордо мектептерди жапты.

Эки өлкөнүн чек арасында акыркы күндөрү атышуулар болуп жаткан. Индия 2016, 2019-жылдардагы согушкерлердин кол салуусунан кийинки кадамындай эле Пакистанга аскердик жооп кайтарат деген божомолдор айтылып келди.

Дүйнө лидерлеринин чакырыгы

Чабуулдарга Вашингтон бушаймандык билдирди. АКШ президенти Дональд Трамп "согуштук аракеттер тез арада токтойт" деген үмүтүн айтты.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш тараптарды сабырдуулукка чакырды:

«Дүйнө Индия менен Пакистандын ортосундагы аскердик тирешүүгө жол бере албайт», — деди Гутерриш.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Пакистандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси, Чалгын башкармалыгынын башчысы, генерал-лейтенант Асим Малик менен байланышып, кырдаалды талкуулады.

Рубио Индия менен да телефон аркылуу сүйлөшүп, конфликтти жөнгө салуу үчүн эки тарап менен тең өз ара аракеттерди улантарын белгиледи.

«Ал чыңалуунун күчөшүнө жол бербей, кырдаалды жөнгө салуу үчүн Индия менен Пакистандын лидерлеринин байланышына жол ачууга чакырууда», — деди АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасы Брайан Хьюз.

Индия менен Пакистан бири-бирине чабуул коюп, эки өлкөнүн чек арасында куралдуу жаңжалдын башталышына Кыргызстан тынчсыздануусун билдирди. Расмий Бишкек Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчөлөрү болгон Индия менен Пакистандын ортосундагы куралдуу кагылышуу аймактагы жана дүйнөдөгү туруктуулукка коркунуч жаратарын эскертти.

Бишкек кырдаалга кабатыр

Кыргызстандын бийлиги 7-майда эки өлкөнү сабырдуу болуп, кырдаалды андан ары курчутуп жибериши мүмкүн болгон аракеттерден алыс болууга чакырган билдирүү таратты. Андан тышкары эл аралык укуктун нормаларын жана талаштарды жөнгө салууга багытталган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) резолюцияларын сактоо маанилүү экенин белгиледи.

“Кыргызстан ШКУнун мүчөсү катары уюмга мүчө Индия менен Пакистанды жоопкерчиликке чакырып, уюмдун уставында каралган талаштарды тынч жол менен жөнгө салуу принциптерине кайтууга үндөйт. Кыргызстан эл аралык коомчулуктун чыңалууну басаңдатууга багытталган аракеттерин колдойт жана бул багытта диалогго эл аралык аянтчаларда көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирет”, - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин кайрылуусунда.

Буга улай эле президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы расмий баракчасы аркылуу Индия менен Пакистанды маселени тынчтык жолу менен чечүү үчүн сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырды. Мамлекет башчы Кыргызстан туруктуулукту, коопсуздукту жана эл аралык укукту урматтоону жактай турганын кошумчалады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандыктарды абал турукташканга чейин бул өлкөлөргө барбай турууну сунуштады.

Дели жана Исламабад 22-апрелде Кашмирде болгон теракттан кийин эки коңшунун тиреши курчуп, тараптар аскерлерин толук даярдыкка келтирип, өктөм билдирүүлөрдү жасап келген. Чек арага жакын аймакта атышуулар токтобой, Индияда мусулмандардын үй-мүлкүнө жана өмүрүнө кол салган учурлар катталды, Пакистан коңшусунун армиясы жакын арада өз аймагына бастырып кириши мүмкүн экенин айткан.

Кашмир чыры - араб-израилдикиндей дүйнөдөгү мурдатан келаткан, татаал жана кооптуу чатактардын бири. Ал ондогон жылдарга созулуп, бирде тынчып, бирде курчуп келди.

XXI кылымда Кашмир үчүн тутанган индия-пакистан чыры эки мамлекет тең өзүнүн өзөктүк куралын жаратып, аскердик кубатын жигердүү чыңдап жатканы үчүн кооптонууга негиз болууда.

Индия жана Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн канча өзөктүк дүрмөтү бар экени белгисиз. Бирок так эмес маалыматтарда Индияныкы кеминде 180ге жакын. Пакистандыкы 2023-жылы 170тен кем эмес экени айтылган.

2019-жылы эле индия өкмөтү түндүктөгү Жамму жана Кашмир аймагын өзгөчө макамдан ажыраткан, анда да Пакистан өзүнүкү катары талашып, өкмөтү жок өнөктөш аймак катары эсептеген бул чөлкөмдө 22-апрелдегиге окшош ири кол салуу болгон.

Индиялык 45 аскер жана полиция кызматкери каза тапкандан кийин Дели менен Исламабаддын тиреши аз жерден согушка айланып кете жаздыган, ошондогу чыңалган кырдаал азыр да сакталып турат.

Бардык негизги окуялардын тамыры тереңге кетип Индия менен Пакистандын, Кытай менен Ооганстандын ортосунда жайгашып, "Дүйнөнүн чатыры" атка конгон Гималай өрөөнүндөгү чиеленишкен тарыхы бар Кашмирге такалат.

Ондогон жылдардан бери Кашмир уйдун бөйрөгүндөй бөлүнүп, талаштын, атышуунун, жоочулардын кол салуусунун, Дели, Исламабад жана Бээжинди тириштирген чырдын очогу бойдон калып келет.

Жамму жана Кашмир Индиянын мусулмандар басымдуулук кылган жалгыз бөлүгү.

Коркунуч күч экенине карабай Кашмир өрөөнүнөн туристтер үзүлбөйт, миллиондогон индуист жана буддисттер Индиянын өзүнөн да, коңшу мамлекеттерден да келип турат. Алар Улуу Моголдор империясынан калган гүлбактарды, байыркы храмдарды жана ыйык жайларды, ириде дүйнөдөгү бардык индуисттер үчүн касиеттүү саналган Вайшно-деви жана Амарнатха үңкүрүн көргөнү барышат.

Коркунуч күч экенине карабай Кашмир өрөөнүнөн туристтер үзүлбөйт, миллиондогон индуист жана буддисттер Индиянын өзүнөн да, коңшу мамлекеттерден да келип турат. Алар Улуу Моголдор империясынан калган гүлбактарды, байыркы храмдарды жана ыйык жайларды, ириде дүйнөдөгү бардык индуисттер үчүн касиеттүү саналган Вайшно-деви жана Амарнатха үңкүрүн көргөнү барышат.

Индия-Пакистан алакасы 22-апрелде төрт террорчу Индиянын көзөмөлүндөгү Пакистан менен чектеш Пахалгамда 26 зыяратчы-туристти (Индиянын 25 жана Непалдын бир жаранын) өлтүргөндөн кийин курчуп кетти.

Теракт үчүн жоопкерчиликти салафтардын "Каршылык фронту" аттуу уюшкан тобу алды, ал 2019-жылы Пакистанда жайгашкан Түштүк Азиядагы эң коркунучтуу жана ири "Лашкар-е-Тайба" террордук тобунун бутагы катары пайда болгон. Кол салган төрт адамдын экөө пакистан жараны экени айтылууда.

29-апрелде Индиянын жана Пакистандын жердеги армиясынын ортосунда мурдагыдай "Көзөмөл чегинде" эмес, расмий эл аралык чек арасында масштабдуу кагылышуулар башталды. Индия 30-апрелден бери дегенде 23-майга чейин Пакистандын бардык рейстери үчүн аба мейкиндигин жапты.

Ага чейин Индиянын бийлиги мамлекеттер үчүн өтө маанилүү "Инд суусунун келишимин" бир тараптуу токтоторун жарыялап, пакистандык дипломаттарды кетирип, бул өлкөнүн жарандарына берилген визаларды жокко чыгарды жана өз жарандарын Пакистандан чыгып кетүүгө чакырды. Азырынча Индиядан 1400дөй пакистандык мекенине кайтып барса, эки миңдей индиялык үйүнө кайтып келди.

Буга жооп катары Исламабад индиялык авиакомпаниялар үчүн аба мейкиндигин жаап, эки тараптуу соода алакасын токтотту. Пакистандын Коргоо министрлиги Хаваджа Мухаммад Асиф өткөн жумада Индиянын аскерлери бастырып кире турганын ачык жарыялаган.

Кашмирди бөлүп алуу эч кандай расмий макулдашуу менен бекитилген эмес, ошол себептүү 1947-жылы картада көз карандысыз Индия жана Пакистан пайда болгондон бери анын туш тарабы мамлекеттер ортосундагы чыңалуунун очогу болуп келет.

1947-1949-жылдары болгон согуштун жыйынтыгында Индия аймактын үчтөн эки аймагына ээ болсо, калганы Пакистандын карамагында калган.

Тарыхта Индия менен Пакистандын ортосунда үч чоң согуш жана бир канча майда кагылышуулар болгон, анын ичинде Биринчи индия-пакистан согушу (Биринчи Кашмир согушу 1947-1949-жж.), Экинчи индия-пакистан согушу (Экинчи Кашмир согушу 1965-жыл) жана Үчүнчү индия-пакистан согушу (1971-жылы болгон согуш Банладештин көз карандысыздык алышына көбүрөөк байланыштуу).

1984-жылы Кашмирде Сиачен мөңгүсүнө жакын жерде чек ара кагылышы орун алып, ал 2003-жылы ок атышууну токтотуу келишими кабыл алынгандан кийин гана тынчыган. 1999-жылы Пакистан Каргил согушун баштап, ал мурдагылардай масштабдуу болгон эмес. Исламабад бул согуштарга армиясы катышпаганын дайыма белгилеп келет.


(макала толукталууда)

Шерине

XS
SM
MD
LG