Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:21

Орусия Москва, Тула, Саранскиге жапырт дрон чабуулу болгонун билдирди


Москва, Шереметьево. Архив
Москва, Шереметьево. Архив

Орусиянын Москва, Тула жана Сарански аймактары 7-майга караган түнү дрон чабуулуна кабылганы кабарланды.

Баштапкы маалыматтарга караганда, Тулада дрондор аскердик ишканаларды бутага алган, Саранскиде оптикалык була (оптоволокно) заводунда өрт чыкты. Орусияга караган Мордовия Республикасынын башчысы Артем Здунов башкалаа Саранскиде коркунуч тууралуу эскертүү берилгенин кабарлап, жашоочуларды этият болууга, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.

Astra Телеграм-каналы жергиликтүү тургундар тарткан видеолорду жарыялап жатат. Анда өрт, жалынды, түтүндөрдү көрүүгө болот.

Москванын үстүндө дагы эки дрон атып түшүрүлгөнүн мэр Сергей Собянин 7-майда маалымдады. Муну менен 6-майдын кечинен бери Москваны бутага алган 17 дрон атып түшүрүлгөнүн айтты.

Орусиялык Baza Телеграм-каналы жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен Красноармейскиде дрондорду ракетадан коргонуу системасы аткылаганын жазды.

Красноармейск — Москванын түндүк-чыгышында, 30 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Ал арада Росавиация дрон чабуулунан улам жабылган Москвадагы Внуково жана Шереметьево аэропорттору кайра иштей баштаганын кабарлап, кайра эле Казан аэропорту жабылганын жарыялады.

Он мүнөттөн кийин Шереметьево кайра убактылуу жабылды деген маалымат таратты.

Дрондор үч күндөн бери Москваны бутага алууда. Орусия дрон чабуулу үчүн Украинаны айыптайт. Бирок орус армиясы Украинанын жарандык жайларын бутага алууну, өлкөгө жапырт сокку урууну токтотпой жатат. Орусиянын чабуулдарынан Украинада күн сайын киши өмүрү кыйылууда. 7-майга оогон түнү Киевдеги дрон чабуулдары эки кишинин өмүрүн алды, онго чукулу жараат алды.

Москва Украинага толук масштабдуу басып кирген 2022-жылдын 22-февралынан бери миңдеген украин жараны каза болду. Украинанын жооп иретинде Орусияга карата дрон чабуулунда да бир нече киши набыт кеткен.

Киев адатта Орусияга учурулган дрондор тууралуу комментарий бербейт.


Шерине

XS
SM
MD
LG