Дели жана Исламабад аскерлерин толук даярдыкка келтирип, өктөм билдирүүлөрдү жасашууда. Чек арага жакын аймакта атышуулар токтой элек. Индияда мусулмандардын үй-мүлкүнө жана өмүрүнө кол салган учурлар катталды, Пакистан коңшусунун армиясы жакын арада өз аймагына бастырып кириши мүмкүн экенин жарыялады. Мунун баары 22-апрелде Кашмирде болгон теракттын кесепети. Кандуу окуя үчүн Дели Исламабадды айыптап жатат.
Кашмир чыры - араб-израилдикиндей дүйнөдөгү мурдатан келаткан, татаал жана кооптуу чатактардын бири. Ал ондогон жылдарга созулуп, бирде тынчып, бирде курчуп келди.
XXI кылымда Кашмир үчүн тутанган индия-пакистан чыры эки мамлекет тең өзүнүн өзөктүк куралын жаратып, аскердик кубатын жигердүү чыңдап жатканы үчүн кооптонууга негиз болууда.
Индия жана Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн канча өзөктүк дүрмөтү бар экени белгисиз. Бирок так эмес маалыматтарда Индияныкы кеминде 180ге жакын. Пакистандыкы 2023-жылы 170тен кем эмес экени айтылган.
2019-жылы эле индия өкмөтү түндүктөгү Жамму жана Кашмир аймагын өзгөчө макамдан ажыраткан, анда да Пакистан өзүнүкү катары талашып, өкмөтү жок өнөктөш аймак катары эсептеген бул чөлкөмдө 22-апрелдегиге окшош ири кол салуу болгон.
Индиялык 45 аскер жана полиция кызматкери каза тапкандан кийин Дели менен Исламабаддын тиреши аз жерден согушка айланып кете жаздыган, ошондогу чыңалган кырдаал азыр да сакталып турат.
Бардык негизги окуялардын тамыры тереңге кетип Индия менен Пакистандын, Кытай менен Ооганстандын ортосунда жайгашып, "Дүйнөнүн чатыры" атка конгон Гималай өрөөнүндөгү чиеленишкен тарыхы бар Кашмирге такалат.
Ондогон жылдардан бери Кашмир уйдун бөйрөгүндөй бөлүнүп, талаштын, атышуунун, жоочулардын кол салуусунун, Дели, Исламабад жана Бээжинди тириштирген чырдын очогу бойдон калып келет.
Жамму жана Кашмир Индиянын мусулмандар басымдуулук кылган жалгыз бөлүгү.
Коркунуч күч экенине карабай Кашмир өрөөнүнөн туристтер үзүлбөйт, миллиондогон индуист жана буддисттер Индиянын өзүнөн да, коңшу мамлекеттерден да келип турат. Алар Улуу Моголдор империясынан калган гүлбактарды, байыркы храмдарды жана ыйык жайларды, ириде дүйнөдөгү бардык индуисттер үчүн касиеттүү саналган Вайшно-деви жана Амарнатха үңкүрүн көргөнү барышат.
Индия-Пакистан алакасы 22-апрелде төрт террорчу Индиянын көзөмөлүндөгү Пакистан менен чектеш Пахалгамда 26 зыяратчы-туристти (Индиянын 25 жана Непалдын бир жаранын) өлтүргөндөн кийин курчуп кетти.
Теракт үчүн жоопкерчиликти салафиттердин "Каршылык фронту" аттуу уюшкан тобу алды, ал 2019-жылы Пакистанда жайгашкан Түштүк Азиядагы эң коркунучтуу жана ири "Лашкар-е-Тайба" террордук тобунун бутагы катары пайда болгон. Кол салган төрт адамдын экөө пакистан жараны экени айтылууда.
29-апрелде Индиянын жана Пакистандын жердеги армиясынын ортосунда мурдагыдай "Көзөмөл чегинде" эмес, расмий эл аралык чек арасында масштабдуу кагылышуулар башталды. Индия 30-апрелден бери дегенде 23-майга чейин Пакистандын бардык рейстери үчүн аба мейкиндигин жапты.
Ага чейин Индиянын бийлиги мамлекеттер үчүн өтө маанилүү "Инд суусунун келишимин" бир тараптуу токтоторун жарыялап, пакистандык дипломаттарды кетирип, бул өлкөнүн жарандарына берилген визаларды жокко чыгарды жана өз жарандарын Пакистандан чыгып кетүүгө чакырды. Азырынча Индиядан 1400дөй пакистандык мекенине кайтып барса, эки миңдей индиялык үйүнө кайтып келди.
Буга жооп катары Исламабад индиялык авиакомпаниялар үчүн аба мейкиндигин жаап, эки тараптуу соода алакасын токтотту. Пакистандын Коргоо министрлиги Хаваджа Мухаммад Асиф өткөн жумада Индиянын аскерлери бастырып кире турганын ачык жарыялады.
Кашмирдин аймагы, чек аралар, аймактык доомат жана квазимамлекеттик түзүмдөр.
Кашмирди бөлүп алуу эч кандай расмий макулдашуу менен бекитилген эмес, ошол себептүү 1947-жылы картада көз карандысыз Индия жана Пакистан пайда болгондон бери анын туш тарабы мамлекеттер ортосундагы чыңалуунун очогу болуп келет.
1947-1949-жылдары болгон согуштун жыйынтыгында Индия аймактын үчтөн эки аймагына ээ болсо, калганы Пакистандын карамагында калган.
Тарыхта Индия менен Пакистандын ортосунда үч чоң согуш жана бир канча майда кагылышуулар болгон, анын ичинде Биринчи индия-пакистан согушу (Биринчи Кашмир согушу 1947-1949-жж.), Экинчи индия-пакистан согушу (Экинчи Кашмир согушу 1965-жыл) жана Үчүнчү индия-пакистан согушу (1971-жылы болгон согуш Банладештин көз карандысыздык алышына көбүрөөк байланыштуу).
1984-жылы Кашмирде Сиачен мөңгүсүнө жакын жерде чек ара кагылышы орун алып, ал 2003-жылы ок атышууну токтотуу келишими кабыл алынгандан кийин гана тынчыган. 1999-жылы Пакистан Каргил согушун баштап, ал мурдагылардай масштабдуу болгон эмес. Исламабад бул согуштарга армиясы катышпаганын дайыма белгилеп келет.
2019-жылдын февралында Жамму жана Кашмирде 14-февралда болгон теракт жаңы эскалацияга жол ачып, индиялык 45 полиция кызматкери каза тапкан. Буга жооп катары Индия кол салуу үчүн жоопкерчиликти алган, Исламабад колдогон мусулмандардын "Жаиш-е-Мухаммад" террордук тобунун лагерине абадан сокку урган. Лагерь Пакистандын көзөмөлүндөгү Балакот шаарында жайгашкан.
Буга удаа эле пакистандык авиация Кашмирдеги "Көзөмөл сызыгына" жакын аскердик объекттерди бомбалаган. Индиялык учкучтар пакистандык учактарды кубалап, абадан согушкан. Анда Индиянын жана Пакистандын аскер аба күчтөрү бирден учагынан айрылышкан.
Кашмир ушу кезге чейин "Көзөмөл сызыгы" (LOC) деп аталган мурдагы Жамму жана Кашмир княздыктарына караштуу аймактагы демаркация линиясы менен бөлүнгөн. Бул юридикалык жактан таанылбаган, бирок de facto чек ара. Мурда ал "Ок атууну токтотуу сызыгы" деп аталып, 1972-жылы княздыктын Индия тарабы Жамму жана Кашмир штаты деп белгилүү болгондо "Көзөмөл сызыгы" деп өзгөртүлгөн. Ошол маалда Пакистан өзүнүн Гилгит-Балтистан жана Азад Кашмир ("Эркин Кашмир") деген аймактык түзүмүн негиздеген.
Муну менен катар Пакистан Кашмирдин өзүнө таандык бөлүгүн бул аймактагы тарыхый дооматы бар Кытайга алаканы жакшыртуу үчүн өткөрүп берип, Делини нааразы кылган.
Кашмирде КЭР ээлик кылган Аксайчин облусун эске алганда "Аныкталган көзөмөл сызыгы" бар десек болот.
Пакистандын шаарларында ушу тапта жаалданган миллиондогон адамдар Индияга каршы митингдерге чыгышты.
Чогулгандар айрыкча 1960-жылы түзүлүп, Индия менен Пакистан ортодон далай жолу тирешсе да ушул убакка чейин иштеп келген "Инд суусунун келишимин" Делинин токтотконуна кыжырланууда.
Жашоосу айыл чарбасына көз каранды көптөгөн пакистандыктар дээрлик бардык бассейиндери Индиянын аймагында жайгашкан Инд дарыясынын агымынын буулушу Пакистандын ирригациясын шал кылып, келечекте суу каптоого негиз болот жана согуш коркунучу тооруса, ачарчылыкка алып келет деп чочулашат.
Аба ырайы кургакчыл Пакистан климат өзгөрүп жаткан шартта суу тартыштыгынан жапа чегип келет. Өткөн айда өлкөнүн Суу чарба министрлиги Пакистандын негизги айыл чарба провинциялары саналган Пенжаб жана Синдде сугат маалында 35% пайызга чейин тартыштык болорун эскерткен.
Андан тышкары Пакистан үчүн жайдын келиши менен башталган муссондук жаан-чачын дагы кооптуу, Дели өзү көзөмөл кылган Инд дарыясы киргенде сууну Исламабадга эскертүүсүз агызса, Пакистандын суу ылдый өрөөндөрүндө сел жүрүшү мүмкүн.
"Инд суусунун келишиминен чыгуу" ыктымалдыгын индия бийлиги көптөн бери айтып келген. 2016-жылы Пакистан колдогон исламчыл жоочулар Кашмирдин Ури шаарында жайгашкан Индиянын аскердик базаларына чабуул койгондон кийин, өлкөнүн премьер-министри Нарендра Моди "суу менен кан бирге агышы мүмкүн эместигин" жарыялаган.
2019-жылы Кашмирдеги теракттан кийин индия өкмөтүнүн чиновниктери Инд дарыясынын чыгыш бассейиндерин агымын Пакистанга жеткирбей буруп салабыз деп коркутушкан.
Индияда бул маалда калктын 15% түзгөн мусулмандардын (исламды тутунгандар жагынан өлкө Индонезия жана Пакистандан кийин дүйнөдө үчүнчү орунда турат, Индияда баш-аягы 215 млн мусулман жашайт ) конуштарына чабуул күч алды. Кол салууга жергиликтүү мусулмандар да, мусулман өлкөлөрүнөн, ириде Бангладештен келген качкындар менен жумушчулар дагы кабылууда (Бангладеш 1971-жылга чейин "Чыгыш Пакистан" деген ат менен таанылган Пакистандын аймагы болчу).
Өлтүрүү, уруп-сабоо, жапырт кармоо жана мусулмандардын үй-жайын талкалоо өңдүү иш-аракеттер акыркы жылдары кубаттуу күчкө айланган ашынган оңчул маанайдагы индуист улутчулдар Кашмирде 22-апрелде болгон террордук чабуулду диний азчылыкты репрессиялоо үчүн бетке кармайт деген чочулоо жаратты.
Жамму жана Кашмирдин өзүндөгү кыштактарда жана шаарларда индиялык коопсуздук күчтөрү жүздөгөн жергиликтүү тургундарды кармап, 22-апрелдеги кол салууга катышы барларды издөө маалында же жөн эле "террорчулар менен байланышы бар" деген шек менен көптөгөн жашоочулардын турак жайларын жардырды.
Индиянын Нарендра Модиге баш ийген оңчулдардын улуттук "Бхаратия джаната партинин" ("Индиянын элдик партиясынын") таасири күч шаарларда жергиликтүү чиновниктер жана полиция Мянмадагы геноцидден качып келген, азыр "мыйзамсыз бангладештиктер" керек болсо "пакистандыктар" деген атка конгон рохинжа мусулмандарына каршы куугунтукту күчөттү.
Мындай терс маанидеги аталыш Индиянын башка аймактарындагы мигрант мусулмандарга, бул өлкөнү илгертен байырлаган жергиликтүү мусулмандарга да чапталып, куугунтукка курал болууда.
Ондон кем эмес индиялык мусулман Уттар-Прадеш жана Карнатака аймагында өлтүрүлгөнү маалым болду, ЖМКнын маалыматында алар диний сабырсыздыктын айынан жашоо менен кош айтышкан. Кол салууга жоопкерчилик алгандар өздөрүн индуисттердин ар түрдүү топторунун өкүлдөрү катары атап, "Кашмирдеги 26 тууганыбыздын кыйылган өмүрү үчүн 2600 саткындын жана еретиктин жанын алууга Индия Энебиздин атынан касам ичебиз" деген видеолорун жарыялашууда.
Макаланын автору "Свобода" радиосунун баяндамачысы Александр Дубровский