Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

Ватиканда Рим папасын шайлоо башталды


Ватикан, 7-май 2025-жыл.
Ватикан, 7-май 2025-жыл.

7-майда Рим католик чиркөөсүнүн кардиналдары Ватиканда конклавга чогулуп, жаңы понтификти шайлоо жараяны башталды. Бул дүйнөдөгү эң байыркы жана купуя сакталган шайлоо жараяны. Бул мезгилде кардиналдарга тышкы дүйнө менен байланышууга, телефон, интернет же телевизор колдонууга уруксат берилбейт.

Конклавга жашы 80ге чыга элек кардиналдар гана катышууга укуктуу. Шайлоого катышып жаткан 135 кардиналдын 80% ашыгын мурунку папа Франциск өзү дайындаган. Бул анын мураскерлеринин бири шайланып калышы мүмкүн дегенди түшүндүрөт.

Бул жолку шайлоого катышкан кардиналдар 71 өлкөнүн өкүлдөрү. Алар конклавдын алгачкы күнүндө бир жолу, кийинки күнүндө эки ирет добуш берет.

13 күндөн кийин кардиналдар бир пикирге келбесе, алдыңкы саптагы эки талапкер ортосунда шайлоо башталат. Добуштардын үчтөн эки бөлүгүнөн ашыгын алган талапкер жеңүүчү аталат.

Папа Франциск 21-апрелде 88 жаш курагында дүйнөдөн өттү. 26-апрелде Ватикандагы Ыйык Петр аянтына миңдеген киши чогулуп, Рим папасы Франциск менен коштошкон.

Франциск тарыхта Латын Америкасынан чыккан биринчи понтифик катары калды. Ал чиркөөнү жетектеп турган маалда Ватикандын ишин ачык-айкын жүргүзүү, социалдык адилеттүүлүккө басым жасоо сыяктуу аракеттер жасалды. Өзгөчө папа аярлуу топтордун укуктары боюнча маселелерге көңүл бурганы менен элдин эсинде калды. (AiA)


Шерине

XS
SM
MD
LG