Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

Түркия эки түркмөн активистин экстрадициялаганы кабарланды


Алишер Сахатов (солдо)
Алишер Сахатов (солдо)

Түркиянын бийлиги түркмөнстандык активист, блогерлер Алишер Сахатов жана Абдулла Орусовду коргоодон баш тартты. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы Turkmen Voice Телеграм-каналына шилтеме кылып жазды.

Маалыматка караганда, активисттер 28-апрелде Түркиянын Синоп шаарында кармалып, Анкарага жеткирилген. Журналисттер жеке булактарга таянып, түркмөн активисттери Түркиянын өкмөтүнөн башпаанек сураганын жазышты. 5-майда Түркия алардын өтүнүчүн четке каккан.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы активисттердин жакындары менен байланышканда алар Анкарадагы депортациялык борбордон чыгарылганын, Түркмөнстанга өткөрүлүп берилген деген божомолун билдиришкен. Алишер Сахатов жана Абдулла Орусов кайда экени белгисиз.

Сахатов түркмөн бийлигинин ишин сындап, мекендештеринин көйгөйлөрүн чагылдырган "Эркин көз караш" деген аталыштагы ютуб каналы менен белгилүү. Ал Түркияга 2018-жылы үй-бүлөсү менен көчүп барган.

Абдулла Орусов социалдык тармактагы баракчаларында түркмөн аткаминерлеринин мыйзамга туура келбеген иштерин ачыктап келген.

Буга чейин Түркиянын бийлиги түркмөн жараны, оппозициялык активист Умида Бекжанованын бул өлкөдө жашоого уруксатын жокко чыгарган. Активист мекенине депортациялоо коркунучу турганын билдирген.

Умида Бекжанова HSM Habarlary деген аталыштагы Телеграм жана Ютуб каналдары аркылуу Түркмөнстандагы жарандардын көйгөйлөрү тууралуу маалымдап турат.

2024-жылы августта Түркияга көз карандысыз Turkmen.news сайтынын редактору Руслан Мятиевди Түркмөнстан бийлигинин өтүнүчү менен киргизбей коюшкан. Ал үй-бүлөсү менен Анталияга эс алууга барган учурда аэропорттон Түркиянын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү адам катары мекенине кайтарылган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG