Расмий Исламабад 7-майда саат 11де тараткан маалыматка караганда, шаршембидеги чабуулдан кеминде 26 адам набыт болуп, 46 киши жаракат алды. Бул тууралуу "Gardian" басылмасы Пакистандын расмий булактарына шилтеме кылып жазды.
Жоготуулар тууралуу расмий Дели да кабарлады. Индиянын армиясынын маалыматына караганда, Пакистандын чабуулунан жети адам каза болуп, 30 адам жаракат алды.
7-майга караган түнү Индия Кашмирдин Пакистанга караган аймактарына ракета жана артиллериялык чабуул коюп, "Синдур" деп аталган операциянын алкагында тогуз жайды бутага алганын маалымдаган.
Дели ракеталык чабуулдар жоочулар менен байланышы бар жайларды бутага алганын билдирсе, Исламабад аны четке кагууда.
Пакистандын коргоо министри Хавижа Мухаммад Асиф соккуга кабылган жайлардын баары - аскердик эмес объектилер экенин, расмий Исламабад Индияга татыктуу жооп кайтарарын убада кылды. Министр Индиянын беш истребители атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Соңку күндөрү Дели жана Исламабад аскерлерин толук даярдыкка келтирип, өктөм билдирүүлөрдү жасашты.
Өзөктүк куралы бар эки мамлекет 65 жыл мурун түзгөн Инд суусун пайдалануу келишимин Дели токтоткондон кийин Пакистанда миллиондогон киши нааразылыкка чыкты.
Кашмир - Кытай, Пакистан, Индия ортосунда жайгашкан аймак. Индия менен Пакистан Кашмирди 70 жылдан бери талашып, эки жолу катуу согуш болгон. Дели Кашмирдин үчтөн эки аймагына ээ болсо, калганы Исламабадга карап калган. (AiA)
Шерине