7-майда Бишкектин "Манас" эл аралык аэропортунан Москванын Домодедово аба майданына учкан авиакаттамдар убактылуу токтотулуп, дээрлик 10 сааттан кийин кайра жанданды. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коомунун өкүлү билдирди:
"Таңдан бери Москванын Домодедово аэропорту дрон чабуулдарынан улам каттамдарды кабыл албай жатты. Кыргызстан эле эмес, бардык өлкөлөрдүн учактарын кабыл алган жок. Саат 16.00дөн баштап кайрадан каттамдар калыбына келди".
Мурдараак "Манас" аэропортунда 130 жүргүнчү Москвага авиакаттамды күтүп жатканы жана алар тамак-аш менен камсыз болгону кабарланган.
Москванын дагы бир "Шереметьево" аэропорту каттамдарды кабыл алып жатканы маалымдалган.
Бишкектин "Манас" аэропортунан орус башкалаасына күнүгө 4-5 авиарейс аткарылат.
Соңку күндөрү Москва облусу жана Москва шаары дрон чабуулуна кабылууда. Ушундан улам Орусиянын баш калаасындагы аба майдандарынын иши үзгүлтүккө учурап, авиакаттамдар кармалып жатканы маалым болду. (AiA)
Шерине