Бишкектин Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалганын билдирди. Расмий маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси – “Опузалап пара алуу” менен кылмыш иши козголгон.

30-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүп, тергөөчүнү акча алып жаткан жеринен кармаган.

Ушул тапта тергөө амалдары уланууда. Шектүүнүн адвокаты же жакындары комментарий бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 29-апрелде эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын эки ыкчам кызматкерин кармаган. (BTo)

Дагы караңыз

Айжигитов кармоо учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөнүн айттыАКШ менен Украина сейрек минералдар боюнча келишимге кол коюштуАКШ мыйзамсыз жүргөн кыргызстандык мигранттарды депортация кылдыСот укук коргоочу Рита Карасартованын камактагы мөөнөтүн узарттыКыргызстанда электр энергиясынын баасы кымбаттады“Диамеддин” үч гемодиализ борборунун лицензиясы убактылуу токтотулду