Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:49

Президент өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеевге катуу сөгүш берди


Садыр Жапаров жана Бообек Ажикеев. Архив.
Садыр Жапаров жана Бообек Ажикеев. Архив.

Президент Садыр Жапаров жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү аткарбагандыгы үчүн деген негизде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жакында эле социалдык тармактарда аскердик форма кийген бир нече адамды башы менен жер сүздүрүп коюп, белгисиз бирөө оозго алгыс сөздөр менен сөгүп жатканы тартылган видео тараган. Бул армиядагы чоңсунуу боюнча талкууну жандантып, коомчулуктун сынына кабылды.

Бул окуя ушул жылдын февраль айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскердик бөлүктөрдүн биринде болгону белгилүү болду. ӨКМ Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен бул факты боюнча министрликтин тийиштүү кызматтарынын катышуусунда ыкчам ички иликтөө иштери жүргүзүлгөнүн кабарлады.

“Иликтөөнүн жыйынтыгында аталган аскердик бөлүктүн командалык курамы жана окуяга тиешеси бар аскер кызматкери катуу кызматтык жоопкерчиликке тартылган. Тартиптик териштирүүнүн жыйынтыгына ылайык, жарандык жана кызматтык жоопкерчиликти бузган кызматкерлер ээлеген кызматтарынан бошотулган”, - деп айтылат ӨКМ тараткан маалыматта.

Талкуу жараткан видео тарагандан кийин 11-майда Бообек Ажикеев жана биринчи орун басары Азамат Мамбетов аскердик бөлүккө барып, аскер кызматчыларынын ата-энелери менен жолугушту.

Кыргызстандын армиясында аскерлердин өлүмү, суицид, уруп-сабоо фактылары катталып келет. Коргоо министрлиги акыркы жылдары жоокерлер арасында чоңсунуу азайганын билдирген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG