Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:37

Бишкек: Таштандыны кайра иштетип, электр өндүрүүчү завод жыл соңунда ачылат


Таштандыны кайра иштетүү заводунун курулушу.
Таштандыны кайра иштетүү заводунун курулушу.

Бишкекте курулуп жаткан таштандыны кайра иштетүүчү завод ушул жылдын декабрында иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн 11-майда президенттин басма сөз кызматы кабарлап, мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы санитардык полигонго барганын, заводдун курулушу менен таанышканын билдирди.

Таштандыны кайра иштетүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү завод да декабрь айында пайдаланууга берилери, шаардын таштанды көйгөйүн чечүү менен бирге электр жарыгын өндүрүү да жөнгө салынары, мындай ишкана жалпы Борбор Азия аймагында биринчи жолу курулуп жатканы айтылды.

"Завод суткасына 1 миң тонна таштандыны кайра иштетет, анын кубаттуулугу 30 МВт/саат электроэнергия болот. Келечекте кайра иштетүү көлөмүн суткасына 3 миң тоннага жеткирүү пландалууда. Президент Садыр Жапаров курулуш мөөнөтүн, аткарылган иштердин сапатын жана экологиялык коопсуздук талаптарын так сактоо зарылдыгын белгилеп, бул долбоорду жүзөгө ашыруу борбор калааны туруктуу өнүктүрүүгө жана шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болорун белгиледи", - деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Долбоорду ишке ашырууга Кытайдын Junxin Environment Protection компаниясы жардам берүүдө.

Кыргызстанда, айрыкча борбор калаада таштандыны чогултуу жана кайра иштетүү маселеси орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Буга чейин проблеманы чечүү үчүн эл аралык донорлор берген миллиондогон долларлык каражаттын кайсы бир бөлүгү уурдалганы, жемкорлукка айыпталган жетекчилерге жана жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголгону, алардын айрымдарына издөө жарыяланганы маалымдалган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG