Казак жазуучусу Мухтар Магауин "Ай талаадагы кыштоо" аңгемесинде катаал турмуш жайын баяндаган.
Кыялкеч бала
Учу-кыйырсыз кең талаа менен торпу-торпу тоолордун кошулган жериндеги кичинекей айыл четиндеги булардын үйүнө кээде үйүр болуп аркарлар келет. Алардын изин аңдыган карышкырлар күн сууктаганы айылга ыктап калышат. Аркарларга деле убал, кар калың түшкөндө айылга жакындашат.
Кар болсо бул жерде өчү барсынып аябай калың жаайт. Андайда кайберендериң деле, кашабаңдын деле айласы куруп, адамдар турган жакка оошот. Табияттын мына ушул бейкүнөө макулуктары оорчулук келгенде адамдарды эш тутуп жакындап келишерин Едиге чоң атасынан уккан. Ал кишинин билбегени жок, сөзгө жакын небересине көргөн-билгенин, укканын кызыктуу кылып айтып берет. Едиге айылга келген кайберендерди кантип атып алышарын сураса, чоң атасы жардам үмтөтүп келген жаныбарларды атып алуу жосуну жоктугун, андайга ыймандуу пенде баласы барбашы керектигин түшүндүрүп берген. Ошону уккандан бери Едигенин түшүнө кайберендер кирчү болгон. Мына азыр да үмүт менен келген кайберендерди карап жатып ойгонуп кетти.
Ойгонгону менен суук үйдө тургусу келбей кыйлага жатты. Чоңдор сыртта ар бири өзүнө тийиштүү ишин жасап жүрсө керек. Аркарлар чуркап өтүшкөндө эмне кылып жатышты экен?! Таң жарып, жүлжүрөктөй кичине айнектин бозомук көзүнөн өткөн азыноолок жарык үй ичине кире баштаптыр. Үйдүн пас шыбынын капкара торсундары айнектен кирген жарыкты күңүрттөтүп, өйдө тургусу келбеген баланын маанайын чөктүрдү.
Төшөктөн баш көтөрүп бала дубалда илинип турган атасынын кош ооз мылтыгын карайт. Аны эч ким колуна албайт, ырымчыл ата-эне баласы келип өзү асынсын дешет окшойт, эч кимге карматпайт. Чоң атасынан Мураттын көзгө атар мергендигин уккан. Балага атасы айылдын үстүнөн учуп бараткан үч өрдөктү атып алганын айтып беришкен.
Атасы жерге "талп-талп" түшүп калган бечара канаттууларды чуркап келген балдарга карматып ийиптир. Жетпей калгандарына эртеси дагы атып бермекчи болуп сооротуптур. Өрдөк го өрдөк, анын чын-бышыгын далилдеш кыйын, "койчу айланайын, өрдөгүңдү" деп ишенбей коюшу деле мүмкүн.
"Коңшу айылдын жанынан бир ирет дароо төрт аркарды атып алыптыр. Албетте, төрт жолу ок чыгарып. Ошондо бүт айыл жаңы эт жыттанып эле калган дешет. Ак май менен кызыл этке туйтунушуптур ошондо...
Үйгө болсо атасы бир кесим эле эт көтөрүп келиптир. Чыныгы мергендин мүнөзү дал ошондой болууга тийиш – дейт чоң энеси. Бул аймакта атасынан ашкан мерген эч качан болгон эмес. Көзгө атар мерген болчу дешет. Эмнеге көзгө аткан, түшүнүксүз. Балким, кандай кыйын мергенчи экенимди эл көрсүн десе керек. Бирок атасы антип мактанчу эмес. Жөн гана теңтуштарынын арасында биринчи болгон – дейт, чоң энеси.
Аскерге да эч ким бара электе, алгач кеткен. Чакырык кагаз келери менен дароо кете берген. Биз ал кезде Керман (Алмания - Германия) менен дос болчубуз дейт чоң энеси. Ошондон улам мылтыгын калтырып, согуш болорун билбей кетсе керек. Аскер оюндары менен ойноп, жер кыдырып, кайра келе беремин деген го. Атасы кеткенден төрт айдан соң, кыш чилдеде сен төрөлгөнсүң, бир жарым жашка чыкканыңда согуш башталган, – дейт, чоң энеси.
Үч жыл болду, атасынан кат жок. Колу тийбей жатса керек. Ысык-суукка, күн-түнгө карабай, күлкү-кубаныч дегенди билбей тиякта согушуп жатат. Жалаң күчтүү, тың жигиттер. Согуштан баштары чыкпайт, ошону үчүн кат жазууга алардын чолосу жок. Чоң энеси ошентип айтат. Апасы болсо андай эчтемени айтпайт, дегеле унчукпайт. Үндөбөстөн олтура берет. Кээде эч ким көрбөйт дейби, ыйлап-ыйлап алат. Чоң атасы да ошентет. Бирок ал ыйлабайт, эркек да. Болгондо да чоңдордун чоңу. Ал ыйлабайт, бирок капалуу тунжурап олтура берет. Кээде гана оор үшкүрүнүп коёт. Ал, албетте, чарчаганынан. Керээли-кечке ат үстүндө, кой кайтарып жүрсө чарчайт да. Кийинки кездери жатар алдында жомок айтпай, эски уламыштарды ырдабай калды".
Меш
Бала антип турсамбы-турбасамбы деп арасат жатканда коңшу бөлмөдөн бышылдаган үн угулуп, отко коюлган чайнектеги чай кайнап, мештин жылуулугу бөлмөнү каптай баштаганын сезди. Демек, чоңдор саардагы нанүштөсүн кыла элек экен. Апасы сайга барып суу апкелгенин эшитти. Чоң энеси "ай, карагым айе! атаңа айтсаң болмок", деп калды. Атасы сыртта атын токуп жүрсө керек, үнү угулбады. Анын милдети короодогу койлорду боорго айдап чыгып жайып келүү.
Едиге апасынан аркарларды сурады эле чоң энеси темир меш ысыганча төшөктөн чыкпай жата турууну буюрду. Чоң энеси "э-э, аркарды күнүгө эле көрүп жүрбөйбүзбү", – деди көңүлкош. Чоң атасынын айтуусунда, "алар койго кошулуп оттоп жүрүшөт" имиш.
Үйдүн ортоңку бөлмөсүндөгү мештин жылуулугу түнү менен муздап калган дубалды азыноолок жылытат. Эшик ачылышын гана күтүп турган сырттагы буюккан суук кыйчылдаган эски жыгач эшик ачылганда үйдү ээлеп, бөлмө заматта муздайт. Буга баары көнүп калган. Едиге атасынын мылтыгын телмире тиктеп турат. Атасы кантип аркарларды атканын элестете албай убара. Бейкүнөө жаныбарларды кантип атат болду экен? Чоң атасы катуу суукта адамдарга корголоп келген кайберендерди атпаш керек дейт.
Кыштын суугу, жайдын ысыгы буларга табияттын кайталанып турчу көрүнүшү болчу. Ошондон бүгүнкү сөөк какшаткан суук деле көнүмүш жашоо ыргагын бузбай, келини темир чукулдук менен музду оюп сайдан суу алып келди. Байбичеси мешти ысытып, небересинин камын көрүп жүрөт. Эми атасынан сурай берсе болот.
"– Ата, сен аркарды көрдүңбү?
– Көрдүм, Эликтай.
Едиге баш жагында жаткан көйнөгүн шашыла кие салып, жерге түштү. Ал бешке толгондогу туулган күнүнө энеси өзүнүн калың, эски кызыл жол-жол жоолугунан тигип берген жаңы шымын эптеп кие сала тышкы үйгө чыга жөнөдү. Чоң атасы бурчтагы өзүнүн дат баскан темир керебетине тонун таштап, ар бири чыпалактай болуп салаңдап, тоңуп калган муздарды акырын алып жатыптыр.
– Сен аны кантип көрдүң, ата?
– Үйдүн бурчунан чыга калсам, аркар терезенин жанында туруптур, килейген үч жылдык букасы экен.
– Кечээ күнкүбү?
– Ооба. Беш же алты күн болду го, түн киргени биздин короону тегеренип жүрөт.
– Ал эмне издеп жүрөт? – деп сурады Едиге, мештин жанындагы жапыз, тегерек үстөлдү тегерегине баары олтургандан кийин.
– Кыш эмнегедир кечигип жатат, Эликтай, тоодо болсо чөп улам азайып барат. Ошон үчүн биздин малдын чөбүнөн бирдеме мага да артып калабы деп келип жатпайбы. Короону да тоо тосуп, ылдыйда эмеспи, тоодогудай же жакадагыдай суук эмес. Эки күн болду түндүк тараптан шамал урганына. Түндө болсо бороон болуп, кар басып калды. Балким, аны бул жакка суук айдап келгендир... Балким, ал карышкырдан бизге жашынгандыр. Ким билет. Эмнеси болсо да ал биздин короого көнүп алды.
– Мурат болгондо биринчи күнү эле аны атып салбайт беле, – деп, кепке аралашты Эдигенин апасы.
– Жок, Анаржан, сага корголоп келгенди, мейли адам эле эмес, жаныбар болсо дагы өлтүрүү жарабайт. Мурат андай ташбоор эмес болчу. Бирок кайберен тукумун аяган жок, ал да көп атты. Кудай уруп, эми ал башыбызга жамандык болуп тийбесе экен…"
Чал менен кемпирдин кооптонгону – алыста майданда жүргөн уулу. Мурат кызыгына батып канча кайберендин канына забын болду экен. Кайберендин деле убал-сообу бар да. Мына үч жыл болду баласынан кат-кабар жок. Мындайлар көп, дарек-дайынсыз жүрүп, анан бир күнү жарк этип үйүнө кирип келгендер бар. Мурат деле ошентип кирип келсе кана. Бирок эмнеге кат-кабары жок? Келини күндө-күн алыс көзүн жаштап, кайната-кайненесине көрсөтпөй ыйлап алат. Кемпир "жакшы түштөр кирип жатат, былтыркыдай эмес" деп өзүн-өзү жооткотуп, аман эле болсо кишендеп койсо деле тууган жерин таап келет деп, үзүлбөгөн үмүткө ишеним артып алган. Согуш чыккан жерине жакындап баратканын айтышат, ошондой эле болсунчу.
Мамай чал кээде угуза, көбүнесе күбүрөп жараткандан согушту токтот деп суранат. Жана сыртта жүргөндө токуган атына мине албай турган чалын Орункүл кемпир өзү атказды. Койлорун айдап баратып небересине "эшикте көп ойнобо, бетиңди суукка алдырасың" деп эскертип кетти. Ага бул үйдүн жалгыз тентеги макул болмокпу. Апасы чарынан ажыратып, тазалап койгон буудайды чоң энеси казанга кууруп, кызыл бадырак кылып койгон. Ошондон оозуна бурдап-бурдап алып Едиге эки бети кызаргыча эшикте ойнойт. Бала эмеспи, андайда суукту деле сезбей калат. Бадырактын күчү ушундай. Бул үйдүн эшигин Көкдобул кайтарат. Итке окшоп арсылдап көп үрбөгөнү менен учурунда анын даңкы далайга кеткен. Бу кезде байкуш тайган да картайып аңчылыкка жарабай калды. Болбосо бул жааттагы бөрүлөрдү Көкдобул эле тынчытчу. Айылдагылар аны "бир кезде карышкырды коёндой эле баса калчу эле дешет".
Күлүк күчүндө, тулпар тушунда. Көкдобул эшик алдында тишке күч келтирбегидей суюк тамак беришер бекен деп сыртка чыккандардын колун карап калган. "Эми кезинде эч нерседен кайра тартпас, жарыштан чарчабас, жүздөгөн таймашта жеңип чыккан кыраандан аркайган сөөктөрү менен өзгөчө чоң, калжайган башы гана калган. Жарымынан жулунуп, азырга чейин айыкпай салбырап жүргөн оң кулагы акыркы, жеңилип калган маскаралуу соңку кармашынын күбөсү".
Тайгандын алдуу-күчтүү кезиндеги курчтугун короочу ит Алыпсок кайдан билсин. Бир жолу жугунду талашып экөө алышып кетип, кантсе да жаш эмеспи, короочу байкуш тайганды өлтүрүп коёрдо чоң энеси эшикке чыга калып ажыратып калган. Короочу ошондон кийин баарына жек көрүндү болуп, короодон кубаланды, көп өтпөй аны короону акмалап журчү кашабаңдар сүйрөп кетишти. Ошондон кийин тайгандын да каруусу кетип, эшик алдында шылкыйып жатчу болгон.
Кунарсыз күндөрдүн биринде Көкдобул калың карга маталган аркарлардын үйүрүнө кол салып, арасынан мүйүзү кулач келген кулжасын бөлүп алып аны бийик жардын башына алып барып, таш буктурмага камап койду.
Баарынан кызыгы куу тайган кулжаны артка кайткыс кылганы менен аны мурдагысындай жетип барып кардын челип же тамактап мууздашка алы жетпей калган. Ага жардамга барчу адамдардын кубаты жок. Бала жаш, энеси менен апасынын колунан эч нерсе келбейт, чоң атасы ат үстүндө катуу шамал болсо учуп кетчүдөй араң жүрөт.
Байкуш тайгандын эмгеги талаага кетип, кубатынан ажыраган тайганды издеп барган аялды аз жерден сүзүп кете таштаган кулжаны артынан көрүп калды. Едигенин апасы тайгандын жедеп карылыгы жеткенине, өзүнүн алсыздыгына капа болбой, каргышын согуш ачкандарга багыштады:
"- Бу, каргыш тийгир согуш кыргын болду го, эркектерге, – деди өзүнчө, эч кимге карап да койбостон, – эми бизди минтип, айбандар да шылдыңдачу болушту".
Едиге ал түнү согуш тууралуу түш көрүп, "мен согушка такыр барбаймын" деп күбүрөнүп жатты. Ал адам болгон соң баарына айласыз даяр болорун, күрөшсүз жашоо жоктугун биле элек болчу.
Казак эл жазуучусу Мухтар Магауин "Казак тарыхынын алиппеси", "Комуз күүлөрү", "Комуз жана найза", "Көгүлтүр таң", "Тулпардын өлүмү", "Аяндуу кар", "Коогалуу мезгил", "Шахан шер" – адам жолборс", "Казак ордосу" ж.б. китептердин автору.
Шерине