Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:18

Баткен: "Алга кадам" каналын курууга зарыл маселелерди тез чечүү талабы коюлду


"Алга кадам" каналын куруу иштери. Баткен.
"Алга кадам" каналын куруу иштери. Баткен.

Баткен облусундагы "Алга кадам" каналынын курулушун пландалган мөөнөттө жана сапаттуу аяктоо үчүн тийиштүү мамлекеттик органдар жардамын бериши керек. Мындай талапты Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Баткенге сапары учурунда койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 11-майда билдирди.

Кадамжай районундагы бул каналдын техникалык-экономикалык негиздемесине ылайык, Кара-Жантак конушундагы 4200 гектар жер сугат суу менен камсыздалат, натыйжада жергиликтүү фермерлердин түшүмдү мол алуу, экономикалык абалын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү кеңейет.

"Адылбек Касымалиев Баткен облусунун айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун, аймактагы азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөнүн жана жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Тиешелүү мамлекеттик органдарга каналдын курулушун өз убагында жана сапаттуу бүтүрүүгө байланышкан зарыл маселелерди тез арада карап чыгууну тапшырды", - деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

"Алга кадам" долбоорунун наркы 3 млрд 72 млн сом деп эсептелгени, азыркыга чейин республикалык бюджеттен 650 млн сом бөлүнүп берилгени белгилүү болду. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG