Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:19

Володин чет өлкөгө кетип, Орусияны сындагандардын мүлкү камакка алынарын жазды


Вячеслав Володин
Вячеслав Володин

Мамлекеттик Дума келерки жумада "чет өлкөдө жүргөндөрдүн административдик жоопкерчилигин күчтөндүрүү" деген мыйзам долбоорун карай баштайт. Бул тууралуу Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин жекшембиде жазды. Анын Телеграмдагы посту "шүмшүктөр жөнүндө" деп аталган.

Володиндин айтымында, мыйзам долбоору чет өлкөдө жүрүп "Орусиянын кызыкчылыктарына каршы" мыйзам бузган жарандарды административдик жоопкерчиликке тартуу мүмкүнчүлүгүн карайт. Буга чейин Орусиянын Украинадагы согушуна каршы пикир айткандарды сыртынан кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол берген мыйзам кабыл алынган.

Административдик жоопкерчилик тууралуу мыйзам долбоору азырынча жарыялана элек, Мамдумага киргени же автору ким экени да белгисиз. Эрежеге ылайык, мындай документтер көп сандагы депутаттар жана Володиндин өзүнүн катышуусу менен киргизилет.

Мамдуманын башчысы административдик беренелер чет өлкөгө кеткендерди сот жообуна тартуу үчүн да керектигин айтууда. Алардын арасында нацисттик атрибутика менен символикаларды ачык көрсөтүү, армияны дискредитация кылуу, "сөз эркиндигин кыянат пайдалануу", фейк маалыматтарды таратуу, "социалдык тармактын ээсинин милдеттерин аткарбоо" (социалдык тармактагы аккаунттар) кирет.

Володин мыйзам долбоору жоопко тартылгандар сот чечиминен буйтап кетпеши үчүн мүлктү камакка алууну карай турганын жазды.

Буга чейин Володин жана башка депутаттар чет өлкөгө кетип калган орусиялыктарды Украинадагы согушка каршы сүйлөгөндө же бийликти сындаганда жоопкерчиликке тарткан механизмдерди түзүү керектигин билдиришкен. Апрелде чет өлкөгө барып алып, Орусиянын армиясын дискредитациялаган жана терроризм, экстремизм, жапырт башаламандыкка чакыруу өңдүү кылмыштын 20дай түрү менен алектенгендерди сыртынан соттогон мыйзам кабыл алынган.

Шерине

XS
SM
MD
LG