Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:39

Индия жана Пакистан ортосундагы ок атышпоо келишими сакталып жатканы кабарланды


Кашмирдин Пакистан көзөмөлдөгөн бөлүгү. Жергиликтүү тургундар пакистандык аскерлерге татуу тартуулап жатышат. 2025-жылдын 11-майы.
Кашмирдин Пакистан көзөмөлдөгөн бөлүгү. Жергиликтүү тургундар пакистандык аскерлерге татуу тартуулап жатышат. 2025-жылдын 11-майы.

Индия жана Пакистан бирин бири АКШнын ортомчулугу менен жетишилген тынчтык келишимин бузууга айыптаганы менен 11-майга карата ортодогу мунаса сакталып жатканы байкалууда. Эки өлкө атышпоо тууралуу мунасага келишкени 10-майда жарыяланган.

АКШ президенти Дональд Трамп бул күнү "Кошмо Штаттардын ортомчулугу менен жүргүзүлгөн түнкү узак сүйлөшүүлөрдөн кийин мен Индия жана Пакистан атышууну толук жана тез арада токтотууга макул болушканын кубануу менен жарыялайм. Эки тарапты тең акыл калчап, эстүүлүк көрсөтө алганы менен куттуктайм" деп Truth Social социалдык түйүнүнө жазган.

Трамптын бул билдирүүсүн эки тарап тең тастыктаган, бирок ортодогу келишим сакталбай жатканын айтып чыгышкан жана бул үчүн бирин бири айыпташкан.

Атышууну токтотуу макулдашылганы жарыяланса деле Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү эки ири шаарда – Сринагарда жана Жаммуда 10-майда катуу жарылуу болгонун жергиликтүү тургундар билдиришкен.

Бирок 11-майдагы кабарларга караганда, кырдаал турукташты, эч кандай окуялар катталган жок.

1947-жылы Улуу Британия империясынан бөлүнүп, эгемендикке ээ болгон Индия жана Пакистан ортосунда 1947, 1948, 1965, 1971 жана 1999-жылдары ар кандай масштабдагы кагылышуулар болгон. Ортодогу талаш маселе - Кашмир өрөөнү. Индия аны өзүнүн ажырагыс бөлүгү деп эсептейт, Пакистан "бөлүштүрүү программасы аягына чыга элек" деп айтып келет.

Кашмир өзөктүк куралы бар үч өлкөнүн ортосунда жайгашкан. Индия анын 45%, Пакистан 35% жана Кытай 20% көзөмөлдөйт.

Индия менен Пакистан бирин бири айыптаган кезектеги тиреш 7-майда курчуган. 10-майда эртең менен Пакистандын өкмөтү Индияга каршы ири аскердик операция башталганын жарыялаган. Эки коңшунун соңку тиреши быйыл апрелде Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү кол салуудан кийин чыңалган. Акыркы конфликт башталгандан бери эки тарапта каза болгондор 50гө чукулдады. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG