Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:08

“Талибан” бийлиги "динге туура келбейт" деген негизде шахматка убактылуу тыюу салды


Шахмат ойноп жаткан оогандык кыздар. Герат провинциясы, 2010-жыл
Шахмат ойноп жаткан оогандык кыздар. Герат провинциясы, 2010-жыл

Ооганстанды башкарган “Талибан” кыймылы динге жат көрүнүш жана “кумар оюндардын” бир түрү болуп эсептелет деген шылтоо менен шахмат мелдештерин өткөрүүгө убактылуу тыюу салды.

Талибдердин расмий өкүлү 11-майда билдиргендей, спорт департаментинин эгидасы менен шахмат мелдештери калыбына келтирилиши ыктымал. Бирок ал качан ишке ашырыларын тактаган жок.

Радикал кыймыл бийликке кайтып келген 2021-жылдын августунан бери Ооганстанда бир катар спорттук жана маданий иш-чаралар чектелген.

Жаңы бийлик адам укуктарын, жарандык эркиндиктерди, өзгөчө аялдардын укуктарын басмырлаганы үчүн эл аралык коомчулуктун сынына кабылып келет.

Кыз-келиндерге спорт менен машыгууга тыюу салынган, бодибилдер спортчуларга мелдештер учурунда денесинин айрым бөлүктөрүн көргөзүүгө болбойт.

АФП агенттиги жазгандай, спортко жооп берген мекеменин басма сөз катчысы Атала Машвани “шахмат шариятта кумар оюн болуп эсептелет, динге канчалык туура келет деген суроо бар”, - деп айтты.

Ал улуттук шахмат федерациясын жана жетекчилерин сындап, маселелер чечилмейинче, шахмат ойноо Ооганстанда убактылуу токтотуларын кошумчалады.

АФП расмий эмес турнирлерди өткөрүп келген Кабулдагы кофекананын ээси Азизулла Гүлзаданы сөзгө тартканда, ал кумар оюнга теңесе болот деген божомолду четке кагып, шахматка башка мусулман өлкөлөрүндө уруксат берилгенин белгиледи.


Шерине

XS
SM
MD
LG