Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:56

Министрлик Диагностикалык борбордо маселе чечилгенин билдирди


Президент Садыр Жапаров Республикалык диагностикалык борборго барган учур.
Президент Садыр Жапаров Республикалык диагностикалык борборго барган учур.

Саламаттык сактоо министрлиги президент Садыр Жапаров барып текшерип кеткенден кийин Республикалык диагностикалык борбордогу көйгөйлөр жоюлганын кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптарды көзөмөлдөө үчүн кошумча УЗИ аппараты орнотулду. Стерилизация бөлүмү борбордун жер төлөсүнө жайгаштырылып, ишке берилди. “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду жана “Кыргызфармация” компаниясы дары-дармек жана керектүү материалдарды алып берди. Операциялык бөлмөлөргө, жандандыруу жана башка бөлүмдөргө төрт жаңы кондиционер орнотулду.

Министрлик февраль айында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда өрт чыккандан кийин оорукана Республикалык диагностикалык борборго убактылуу көчүрүлгөнүн кошумчалады.

“Ушул жумада институттун негизги имаратында оңдоо иштерин баштоо пландалууда. Ошону менен катар кошумча медициналык жабдууларды сатып алуу каралууда. Бул клиниканын толук кандуу иштешин калыбына келтирип, балдарга көрсөтүлүүчү жардамдын көлөмүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет”, - деп айтылат маалыматта.

2-майдан бери Республикалык диагностикалык борбордо Global Cardiac Alliance уюмунун адистери менен биргеликте операциялар жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан 70 балага операция жасалат деп тизмеге киргизилген. Анын ичинен 30 бала операцияга толук даяр болуп, 7 балага операция жасалды, алардын төртөөнүн абалы туруктуу. Операциядан кийин үч наристе чарчап калган.

Президент Садыр Жапаров 8-майда чет элдик адистердин катышуусунда балдардын кардиохирургиясы боюнча гуманитардык программа жүргүзүлүп жаткан мекемеге күтүүсүз барган. Чакырылган адистер борбордо сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл шарттар жок экендигин айтышкан. Садыр Жапаров саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевге сөгүш берип, көйгөйлөрдү эки күндө жоюу керектигин айткан. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG