Украина ок атышууну 30 күнгө токтотуу боюнча АКШнын сунушуна макул болду. Ал эми Вашингтон Киевге аскердик жардам көрсөтүүнү улантып, чалгын маалыматтар менен бөлүшүүнү жандандырат. Жиддадагы жолугушууну утурлай Орусияга ондогон дрон сокку уруп, үч киши каза тапканы кабарланды. Америкада кыргызстандык жубайлар уулу менен белгисиз жагдайда киши колдуу болду. Президент Жапаров Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
Борбор Азия
шейшемби 11 Март 2025
Орусияда "көзөмөл реестрине" 700 миңдей чет элдик жаран киргизилди, анын 83 миңи кыргызстандык мигранттар. Сирияда өкмөттүк күчтөр менен Башар Асаддын тарапташтырынын төрт күнгө созулган кагылышуусунан миңдей киши набыт болду. Өкмөт мамлекеттик башкарууну реформалоо башталганын билдирди.