Жогорку Кеңештин экс-депутаты Султанбай Айжигитов 30-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери аны жана аялын кармап, суракка алып барган учурда жаракат алып ооруканага түшкөнүн билдирди.
Ал 30-апрелде жубайы Гүлзат Жолдошова менен адвокатынын үйүнө баратканда атайын кызматтын бир нече кызматкери кармаганын, ошол учурда аялы экөө тең жаракат алганын айтты. Кийин УКМКда суракта болуп, соттук отурумдан соң ден соолугу начарлап Президенттин иш башкармасына караштуу клиникалык ооруканага жатканын кошумчалады.
“Адвокатымдын үйүнүн алдынан УКМКнын кызматкерлери чыгышты. Жактоочумду алып алып суракка баралы деп сүйлөшүп турганда эле алар аялымды машинеге салабыз деп сүйрөп башташты. Ага болушуп, ажыратайын дегенде мени да кармап баштады. Колу-бутубузду кайрып атып жаракат алдык”, - деди ал.
Бул тууралуу УКМК азырынча комментарий бере элек. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Султанбай Айжигитов жана жубайы Гүлзат Жолдошовага Кылмыш-жаза кодексининин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен иш козгогон. Атайын кызмат Султанбай Айжигитов жубайын Жогорку Кеңештин аппаратына мыйзамсыз жумушка киргизип, бюджетке 3,2 миллион сом зыян келтирилгенин билдирген.
Султанбай Айжигитов аялы мыйзамдуу иштегенин билдирип, “саясий куугунтукка” кабылганын айтууда. Анын сөзүнө караганда, жубайы депутат Динара Ашимованын жардамчысы болуп иштесе, Динара Ашимованын баласы Айжигитовдун жардамчысы болгон.
30-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту Султанбай Айжигитов менен аялы Гүлзат Жолдошованын бөгөт чарасын карап, аларды 2-июнга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарган.
67 жаштагы Султанбай Айжигитов быйыл 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жасагандан кийин алгач “Ыйман нуру” фракциясынан чыгарылып, андан соң мандатынан ажыратылган. Ал мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет. (BTo)